"Барселона" 28-жолу Испаниянын футбол боюнча чемпиону болду

Дүйнө Загрузка... 16 Май 2025 11:30
WhatsApp Image 2025-05-16 at 08.12.58.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. "Барселона" 28-жолу Испаниянын футбол боюнча чемпиону болду.

Испаниянын футбол боюнча чемпионатынын 36-турунда "Барселона" "Эспаньолду" 2:0 эсебинде утуп, турнирде жеңишке жетти.

Беттеш 15-майда "Эспаньол" стадионунда өттү.

Голду Ламин Ямаль (53-мүнөттө) менен Фермин Лопес (90+6) киргизди.

"Барселона" 36 турдан кийин 85 упай топтоду жана экинчи орунда келе жаткан "Реалды" ашып өттү. Оюндун жыйынтыгы менен "Барселона" 28-жолу Испаниянын чемпиону аталды. Ал эми рекорддук көрсөткүч боюнча "Реалда" 36 титул бар.

"Барселонанын" башкы машыктыруучусу 60 жаштагы немец Ханс-Дитер Флик. Ал клубга 2024-жылы келген.

Буга чейин Флик "Бавария" менен эки ирет Германиянын чемпионатын уткан.