Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү аймакты өнүктүрүүгө салым кошушу керек, - деди Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Бишкекте өтүп жаткан "Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттери: аймакты комплекстүү өнүктүрүү үчүн эффективдүү чечимдер" аттуу Борбор Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форумунда.
Анын айтымында, аймак үчүн маанилүү инфраструктуралык долбоорлордун бири Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу.
"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу Европа, Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азия аймагына жүк ташуулардын географиясын кеңейтет. Муну менен катар темир жол чыныгы логистикалык коридор болуп, соода, инвестициялык жана өндүрүштүк кызматташтыкты өнүктүрүүнү шарттайт. Ошондуктан биз парламенттик дипломатияны колдонуу менен жогоруда айтылган тармактарда байланыштарды арттырууга жардам беришибиз керек", - деди төрага.
Мындан тышкары, Нурланбек Тургунбек уулу Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форумунун негизги максаты Борбор Азияны саясий-экономикалык жана мадания-гуманитардык кызматташтыктын борборуна айлантуу болуп саналарын белгиледи.
Ал белгилегендей, аталган иш-чаранын алкагында 3 негизги сессия өтөт, анда жарандардын укуктарын мыйзамдуу колдоо, экономикалык туруктуулук, инвестициялык климатты жакшыртуу чөйрөсүндө мыйзам чараларын күчөтүү, Борбор Азия өлкөлөрүндө экономикалык ачык-айкындуулукту арттыруу, киберкоопсуздук жана санарип чөйрөнү укуктук жөнгө салуу маселелери талкууланат.
"Бүгүн биз Борбор Азия өзүнүн тарыхында жаңы доорду баштан кечирип жатканына күбө болуудабыз. Биз бул чоң мүмкүнчүлүктөрдүн, туруктуу өнүгүүнүн жана жакшы коңшулукту бекемдөөнүн доору болушу үчүн күч-аракет жумшашыбыз керек", - деп кошумчалады ал.