Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Бангкоктогу жер титирөөдө каза болгондордун саны 22ге жетти. Бул тууралуу ТАСС Thai PBS телеканалы кабарлаганын жазды.
Маалыматка караганда, дагы 72 адам дайынсыз болуп жатат.
Чатучак районундагы 30 кабаттуу имараттын кыйраган жеринде азыр да издөө-куткаруу иштери уланууда. Акыркы 4 суткада урандылардын астынан 15 курулушчунун сөөгү табылды.
Эске салсак, Мьянмадагы катуу зилзала 28-мартта болгон. Таиланддын метеодепартаментинин маалыматы боюнча, жердин силкинүүсү 8,2 баллды түзгөн. Жалпысынан өлкөдөгү жер титирөөдө каза тапкандардын саны 2,7 миң адамдан ашты. Күн мурун Бангкоктун бийлиги шаардагы абал турукташкандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал режимин алды.