Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Бангкокто зилзалада каза болгондордун саны 18ге жетти. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.
Маалыматка караганда, жер титирөөдө дагы 76 киши дайынсыз жоголду. Алардын бардыгы Бангкоктун түндүгүндөгү Чатучак районундагы Башкы аудитор башкармалыгынын имаратынын курулушунда иштеп жаткан. Учурда ал жерде издөө-куткаруу иштери уланууда. Объектте эле 11 адамдын сөөгү табылганы айтылды.
Таиланддын бийлиги жер титирөөдө жабыркагандарга жардам берүү үчүн 5,8 млн доллар өлчөмүндөгү фонд түздү.