Балыкчыда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аймак 1135 18 Июнь 2025 18:00
508706620_1562366738055662_6633395821499374992_n.jpg
508745009_1562366774722325_2448472540332825141_n.jpg
508957497_1562366701388999_4651289859582480521_n.jpg
509072549_1562366758055660_1784899779252737148_n.jpg
509360697_1562366751388994_4308815525793692367_n.jpg
509421560_1562366708055665_8217009027217383908_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 18.06.25. /Кабар/. Балыкчы шаарындагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Балыкчы шаарынын аймагында мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана мүлктүк комплекстерди кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында 5192 чарчы метр курулушу бар УСМ-4 ("Геоминвод") мүлктүк комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Алсак, УКМК органдары тарабынан көрсөтүлгөн өнөр жай объекттери жана жер участоктору Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерин бузуу менен мамлекеттин балансынан чыгарылгандыгы аныкталган.

Объекттерди жана мурдагы мамлекеттик ишкананын жер тилкелерин мамлекетке кайтарып берүүгө менчик ээлери өз ыктыяры менен макул болушкан.