Балыкчыда 200 спортчу жарышты: “Гран-при Ысык-Көл 2026” веложарышы аяктады

Спорт 13 Апрель 2026 15:46
672439172_969421785431039_2025211425140912214_n.jpg
669716923_969421852097699_3706138798401998837_n.jpg
672451088_969421835431034_2420846331123777445_n.jpg
671634708_969421782097706_224410789922905709_n.jpg
Алдыга
Артка
672439172_969421785431039_2025211425140912214_n.jpg
669716923_969421852097699_3706138798401998837_n.jpg
672451088_969421835431034_2420846331123777445_n.jpg
671634708_969421782097706_224410789922905709_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт агенттиги

Бишкек, 13.04.26. /Кабар/. 11–12-апрелде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында “Гран-при Ысык-Көл 2026” эл аралык веложарышы өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеште жеке убакытка жарыш жана топтук шосселик жарыш уюштурулуп, катышуучулар 100 чакырым аралыкты багындырды.

Иш-чарага Өзбекстан, Казакстан,Түркмөнстандан келген 200 спортчу катышып, курч атаандаштык орун алды.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлерине сыйлыктар тапшырылды.

Спортчулар төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетишти:

Жаштар арасында:

1 орун – Шахрух Маткаримов (03:00:09.52)

2 орун – Кирилл Шафронов (03:02:13.48)

3 орун – Мухаммад Бахтияров (03:03:35.0)

Кыз-келиндер арасында:

1 орун – Гулхаё Сатторова (03:14:29.02)

2 орун – Татьяна Панина (03:14:03.22)

3 орун – Дарья Кичигина (03:15:37.0)

Эркектер арасында:

1 орун – Камронбек Юлдашев (03:00:02.71)

2 орун – Артем Шапилов (03:00:56.80)

3 орун – Сардор Мухторов (03:01:44.65).