Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 25 чакырымы 1-майга чейин пайдаланууга берилет

Аймак Загрузка... 01 Апрель 2026 09:50
409910_w_h500_1763536191_r.jpg

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолго асфальт төшөлүп, темир торлор орнотулууда.

Сел өтүүчү 2 чоң көпүрө жана суу түтүктөрү курулуп бүттү.

Жолдун 25 чакырымы 1-майга чейин колдонууга берилет.

Белгиленгендей, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автожолунун калган чакырымдарынын курулушун 2026-жылы толугу менен бүткөрүү пландалган.