Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Өлкө боюнча балыктардын урук чачуу мезгилинде спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, төмөнкү мөөнөттөрдө электрондук балык уулоо билеттерин берүү убактылуу токтотулат:
- Ысык-Көл чабагына — 1-апрелден 15-майга чейин;
- Майда балыктарга — 1-майдан 1-июлга чейин;
- Каңылтыр балыгына — 15-майдан 15-июлга чейин.
Республиканын суу объектилеринде төмөнкү балыктарга тыюу салынат:
- Ири бөлүкчө балыктарга — 5-майдан 20-июнга чейин;
- Майда бөлүкчө балыктарга — 15-апрелден 5-июнга чейин;
- Дарыя маринкасына — 15-майдан 1-июлга чейин.
Ошондой эле дарыялардагы баалуу балыктарга:
- Османга — 1-июндан 15-июлга чейин;
- Амударыя форелине — 15-октябрдан 15-декабрга чейин;
- Ысык-Көл форелине — 1-октябрдан 15-декабрга чейин тыюу салынды.