Балык уулоо спорту: Бишкек мэринин кубогунун жеңүүчүлөрү сыйланды

Спорт 1914 15 Апрель 2026 10:40
673457233_1428032909372559_5108886817500098909_n.jpg
672195996_1428032906039226_4113099194397700447_n.jpg
Алдыга
Артка
673457233_1428032909372559_5108886817500098909_n.jpg
672195996_1428032906039226_4113099194397700447_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. 12-апрелде Чүйдүн Константиновка айылында балык уулоо спорту боюнча Бишкек шаарынын мэринин кубогуна арналган мелдеш өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 18 жаштан жогору ышкыбоздор арасында уюштурулду.
Ага 43 спортчу катышып, жыйынтыгында төмөнкүлөр жеңүүчү деп табылды:

  • 1-орун — Коротаев Олег;
  • 2-орун — Кулумбетов Нурсултан;
  • 3-орун — Сергей Ли.

Жеңүүчүлөр кубок, медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты. Иш-чараны Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти Кыргызстандын Балык уулоо спорту федерациясы менен биргеликте уюштурду.