Бали аралында катуу сел 14 адамдын өмүрүн алды — Кабар

Бали аралында катуу сел 14 адамдын өмүрүн алды

Дүйнө 11 сентябрь 2025 18:06
WhatsApp Image 2025-09-11 at 18.08.46.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-11 at 18.08.52.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-09-11 at 18.08.46.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-11 at 18.08.52.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon www

Бишкек, 11.09.25 /Кабар/. Бали аралында катуу жаандын кесепетинен кеминде 14 киши каза болуп, ондон ашык адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Индонезиянын Табигый кырсыктарды азайтуу улуттук агенттигине (BNPB) таянып, РБК билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, селдин күчү Денпасар, Жембрана, Гианьяр, Клунгкунг, Бадунг жана Табанан райондоруна катуу таасир этти. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, жүздөгөн тургундар коопсуздугун камсыздоо үчүн мектептерге, мечиттерге жана башка коомдук имараттарга эвакуацияланды.

Кээ бир аймактарда сел дагы деле коркунуч жараткандыктан издөө-куткаруу иштерин жүргүзүлүүдө жана куткаруучулар сууга түшүп кеткен адамдарды издөөдө.

Индонезияда акыркы жылдары климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жаан-чачын мезгили узарып, табигый кырсыктар көбөйүүдө.