Бали аралында чөккөн паромдун 61 жүргүнчүсү дайынсыз болууда

Дүйнө 3 июль 2025 09:05
Бали аралында чөккөн паромдун 61 жүргүнчүсү дайынсыз болууда

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 03.07.25 /Кабар/. Күн мурун Индонезиядагы Бали аралынын жээгинен жүргүнчү парому чөгүп кеткен. Андагы 61 жүргүнчү дайынсыз болуп жатканын Франс Пресс агенттигине таянып РИА Новости жазды.

Маалыматта белгиленгендей, паромдо жалпысынан 53 жүргүнчү жана 12 экипаж мүчөсү болгон. Алардын ичинен төрт адам гана аман куткарылган.