Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Бубусара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин хореография кафедрасынын доценти Досмат Садыркулов балетке 30 жылдан ашык өмүрүн арнаган. Ал алгач башкы солист, азыр болсо мугалим катары бир нече артисттерди тарбиялап келет. Садыркулов "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде сахнадагы алгачкы кадамдары, балеттеги мугалимдин ролу, окуучуларынын эл аралык сынактардагы жетишкендиктери жана Кыргызстанда хореография искусствосун өнүктүрүү тууралуу жеке кыялдары менен бөлүштү.

– Балет менен жашооңуздун байланышарын биринчи жолу кантип түшүндүңүз? Балетке келишиңизге ким таасир этти?
– Мага балет менен жашоомдун байланыша турганын түшүнүүгө бир нече жыл кеткен эле. Мен алгач Фрунзеде бир жыл окугам. Окуу жылдын аягында Ленинграддан (азыркы Санкт-Петербург) комиссия келип, таланттуу балдардан Ленинграддагы А. Я.Ваганова атындагы академиялык хореографиялык окуу жайына кабыл алчу. Бул дүйнөдөгү эң мыкты балет окуу жайларынын бири деп эсептейм.
Мен ошол жакка тапшырып, эки-үч жыл окуп жүрдүм. Ал жерде окуучуларды Мариинский театрындагы спектаклдерге чакырып турушчу. Эсимде, "Баядерка" спектакли болчу. Башкы ролду — Солорду — атактуу артист Константин Заклинский аткарган . Анын бийин, секиришин көрүп, демим кысылып калды. Ошондо гана балет менен өмүр бою алектенгим келээрин түшүндүм.
– Бүгүн балет сиз үчүн эмне? Кесиппи, искусствобу же кызматпы? Ал сиздин жашооңузда кандай мааниге ээ?
– Кызмат — жакшы сөз экен. Балет – искусствого кызмат кылуу. Азыр мен солист катары сахнага чыкпайм, кээде физикалык күч талап кылынбаган драмалык ролдорду аткарып калам. Бирок, көптөн бери педагогика менен алектенип келем: Бишкек шаарындагы Чолпонбек Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайында жана Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде сабак берем.
Балет артисттери адатта 40 жашка чейин сахнада иштешет. Бул куракта деле жашсың, бирок сахнага азыраак чыкканга туура келет. Менде башкача болду — 35 жашымда эле окуу жайга сабак берүү үчүн чакырышкан. Андан кийин толугу менен педагогикага өттүм, азыр ийгиликтүү иштеп жатам.
Менин биринчи курстагы окуучум Раманбек Бейшеналиев абдан таланттуу жигит. Мен аны өзүм окуган Ваганова атындагы академияга жөнөттүм. Азыр ал Мариин театрында солист. Бул мен үчүн гана эмес, бүт Кыргызстан үчүн чоң сыймык.
– Биринчи жолу сахнага чыкканыңыз эсиңиздеби? Кандай сезимдер болгон?
– Албетте, эсимде. 1989-жыл болчу. Биз окуу жайды июнь айынын аягында бүтүрдүк, сентябрда Кыргызстанга келип театрга киргенбиз. Бир ай өткөндөн кийин жаш артисттер үчүн концерт уюштурулган эле. Мен "Жизель" балетиндеги Альберттин ролун аткаргам.
Кыргызстанда бизди күтүшкөнүн билчүмүн — сегиз жыл окуп, балет коомчулугу жана көрүүчүлөр биздин кайтып келгенибизди күтүшкөн. Абдан толкундандым, бирок биринчи чыгышым ийгиликтүү болгон. Мага романтикалык-баатырдык образдар жарашарын айтышкан. Чындыгында ошол багытта күчтүү болдум.
Толук спектаклди биринчи жолу 1990-жылдын 3-январында аткардым. Ал "Шопениана" эле. Бул өтө татаал спектакль, техникалык жана физикалык жактан кыйын болчу. Андан кийин мени "Лебединое озеро" балетиндеги принц ролуна даярдашты.
"Шопениана" аткаргандан кийин СССРдин Эл артисти Айсулуу Токомбаева менен "Лебединое озеро" спектаклин даярдадым. Биринчи жолу Пржевальск шаарында гастролдо ойнодук, андан кийин Бишкек театрында премьерасы болду.
Андан ары көптөгөн нерселер болгон, бирок ушул эки спектакль өмүр бою эсимде калды.
– Сиз 30 жылдан ашык убакыт бою бул кесип менен алектенип келесиз. Ошол убакытта хореографияда кандай өзгөрүүлөр болду? Кыргызстанда балеттин деңгээли канчалык өстү?
– Балет бул искусство. Жол-жоболор өзгөрөт, өнүгөт. Биздин балет башка театрлар, өлкөлөр менен көбүрөөк байланышта болсо дейм. Гастролдор, тажрыйба алмашуулар, мастер-класстар өтүшү зарыл. Анткени алардын мааниси жана пайдасы көп. Биз өнүгүшүбүз керек.

Дүйнөдө балет искусствосунун жаңы багыттары пайда болуп, өнүгүүдө. Мисалы, биздин бир туугандар — казактар чоң кадам таштады. Жакында Казакстанда балет театрларынын парадын көрдүм — 19 топ кезек менен чыгышты, ар бири өз стилинде: классика, заманбап хореография, элдик бий. Бул эң жогорку деңгээл болчу.
Мен сүйүнүп отурдум, бирок ошол эле учурда ойлондум: Кыргызстанда бир гана театр бар. Өкмөттүн колдоосу, көңүлү, инвестициялары жетишсиз. Жаңы спектаклдер аз коюлат. Артист дайыма жаңы постановкаларда иштеп, жаңы, таланттуу хореографтор менен кызматташып туруусу керек. Ошондо гана артист да, труппа да өсөт.
– Сиздин окуучуларыңыз чет өлкөгө чыгышабы?
– Негизинен балет артисттери дүйнө жүзүндө талапка ээ. Биздин окуучуларды чакырышат, алар окуп жүргөндө эле ар кайсы труппаларга чакыруулар келчү.
Бул жылы мен үчүнчү курсту бүтүрдүм. Беш таланттуу жигит бар. Алар эл аралык сынактардын лауреаттары болушту. Мисалы, Адилжан Рахманов менен акыркы жылы Россияда жана Түркияда эки алтын медаль алдык. Алматыда жана Бишкекте эки күмүш медаль бар. Алматыда өткөн дагы бир сынакта үчүнчү орунга ээ болду.
Бул жогорку деңгээлдеги ийгиликтер. Адилжандын Россиядан, Казакстандан, Азербайжандан жеке чакыруулары бар. Новосибирск театрына, Бакуга чакырышты — ал жерде башкы солисттик орун сунушталды. Бирок, ал "азыр окууну улантам" деп чечим чыгарган.
Педагог катары мен бул тандоого кубанычтамын. Адилжан эл аралык деңгээлдеги жылдызга айланат деген ойго тилектешмин.
– Сиз үчүн кайсы ролдор эң кыйын болгон — техникалык жана эмоционалдык жактан?
– Албетте, "Спартак" балети. Мен аны чыныгы эркектерге ылайык спектакль деп эсептейм. Эң кыйын ролдор — Спартак жана Красс. Мен экөөнү кезеги менен аткардым, экөө тең физикалык жана эмоционалдык жактан бирдей кыйын. Спектакль узун, үч бөлүктөн турат, ар бир бөлүктө тыныгуу жок — дайыма сахнадасың: дуэт, секирүү, монологдор. Биринчи жолу аткаргандан кийинки абалым эсимде калган, анда гримёркага көтөрүлө албай калгам, абдан чарчаган элем. Чындыгында эле балетте жеңил спектаклдер жок.

– Балет менен бирге кандай маанилүү нерселерди түшүндүңүз? Ал сизди эмнеге үйрөттү?
– Балет мага көп нерселерди үйрөттү. Өзүн-өзү тартипке салууну, эмгекти сыйлоону, эмгекчил болууну. Бирок кеңири мааниде — адамдарга сулуулукту, жарык эмоцияларды тартуулоону жана көрүүчүлөрдөн эмоционалдык жооп алууну үйрөттү. Мен муну искусствонун эң жогорку формасы деп эсептейм.
– Окуучуларыңызга, балдарыңызга берген кеп-кеңештер, окуулар жөнүндө айта кетсеңиз.
– Техниканы, кесиптин тууралыгын үйрөтүү — бир нерсе. Бирок, балет артистин тарбиялоо өтө татаал процесс. Совет доорунда балет артисти даярдоону космонавт даярдоого салыштырчу. Ал ошондой татаал, көп убакыт талап кылат.
Мен окуучуларыма балет артисти — бул техниканы гана аткарган адам эмес, кызыктуу руху, жарык ой-жүгүртүүсү бар инсан экенин түшүндүрөм. Бул нерсени көрүүчү сезет. Эгер артист техникада мыкты болсо да, көрүүчү 3-4 мүнөттөн кийин чарчайт. Бирок спектакль бою элге сезимдерди бөлүшсө — анда артист инсан катары кызыктуу болот.
Ошондуктан окуучуларыма кыргыз жана дүйнөлүк адабиятты окууну, ырларды жаттоону, музейлерге барууну сунуштайм, кээде мажбурлайм. Адам окуу процессинде ички дүйнөсүн байытып турушу керек. Артист коом үчүн сахнада гана эмес, жашоодо да үлгү болушу зарыл.
Мен окуучуларым менен абдан сыймыктанам. Биздин студенттер практикант катары экинчи курста эле театрда иш алып барышып, жооптуу ролдорду аткарышат. Театр кызматкерлеринен жакшы пикирлерди угуу мени кубандырат. Бул мен туура жолдо жүргөнүмдүн далили.
– Сиздин артист, педагог жана ата катары эң чоң кыялыңыз
– Адам эч качан кыялдануудан чарчабайт. Көп кыялдарым орундалды. Артист катары бактылуумун: өнөктөштөрүм , көрүүчүлөрүм жакшы көрдү. Педагог катары да чоң ийгиликтерге жеттим. Кичүү уулум Фарух Садыркулов менен алтын медаль, Адилжан Рахманов менен эки алтын. Дагы бир окуучум, Раманбек Бейшеналиев Мариин театрынын солисти болгон. Ошондуктан педагог катары көп кыялдарымды ишке ашырдым.
Бирок, биз эч качан тойбойбуз, жаңы кыялдар пайда боло берет экен. Азыр балеттин өнүгүшүнө байланыштуу чоң кыялдарым бар. Албетте, бул үчүн бийлик, өкмөт, президенттин колдоосу керек. Бир театр бизге жетишсиз. Жаңы заманбап театр керек. Азыркы театр классикалык жана тарыхый бойдон калсын.
Биз Казакстандан артта калдык. Искусстводо атаандаштык өтө маанилүү. Бишкекте дагы бир опера жана балет театры, дагы бир труппа, Ошто дагы бир театр болушу керек деп ойлойм.
Бул оңой жана тез эмес экенин түшүнөм, бирок керек. Ошондой эле дагы бир хореографиялык окуу жай ачуу зарыл. Эгер бул менин өмүрүмдө ишке ашса — абдан бактылуу болом.
Маектешкен Бермет Жумабекова