Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Балдарга жаңы программа менен билим берүүгө толук кандуу даярмын. Бул тууралуу Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун бүтүрүүчүсү Айгерим Абдырахманова билдирди.
Анын айтымында, жаңы окуу жылынын башталышы менен ал мектеп босогосун аттаган балдарга билим берет. Бул үчүн ал күнү-түнү талыкпай билим алып, окуу жайды артыкчылык менен бүтүрүп жатат.
“12 жылдык билим берүү программасы боюнча билим алып, ал тургай борбор калаадагы мектептердин биринде практика жүзүндө иштеп да келдим. Практикада жүргөндө балдарга мээрим төгүү, эркелетүү менен татыктуу, жакшы билим берүүгө болот экенин түшүндүм. Учурдагы балдардын түшүнүгү, табити, доору таптакыр башка. Ошолорду эске алуу менен мен балдарга заман талабына ылайык билим берүүгө даярмын”,-деди ал.