Бишкек, 13.03.26 /Кабар/. Кыргызстанда балдар үчүн кыргыз тилиндеги "Нуркидс" онлайн-платформасы иштелип чыгууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине тиркеменин башкы редактору Айдай Бекбоева билдирди.
Анын айтымында, платформадагы контент жалпы балдарга, ата-энелерге, бала бакчаларга жана мектептерге арналган.
"Тиркеме кадимки программалардай эле жүктөлүп алынат. Контентти аниматорлор менен иллюстраторлор иштеп чыгышат. Аны балдардан сырткары, бала бакчалар менен мектептер да жүктөп алып колдоно алышат. Колдонуу акысы айына 150 сомду түзөт", — деди А. Бекбоева.
Долбоордун максаты — кыргыз тилин балдардын санариптик дүйнөсүнүн табигый бөлүгүнө айлантуу жана чет элдик контенттерге заманбап, кызыктуу альтернатива сунуштоо болуп саналат.
Платформа төмөнкүлөрдү үйрөнүүгө жардам берет:
- кыргыз алфавитин;
- сандарды жана математиканын негиздерин;
- жаратылыш, жаныбарлар жана курчап турган дүйнө тууралуу маалымат алууну;
- ой жүгүртүүнү жана сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүүнү;
- Кыргызстандын маданияты жана салт-санаасы менен таанышууну.
Контент төмөнкүдөй форматтарда сунушталат:
- мультфильмдер;
- окутуучу видеолор;
- интерактивдүү сабактар;
- билим берүү программалары.
Платформанын негиздөөчүсү, билим берүү долбоорлорунун автору Нур Сарыгулова. Тиркеме тийиштүү адаптациядан өткөндөн кийин ишке берилет.