Балдардын интернеттеги коопсуздугун камсыздоо үчүн жаңы алгоритмдер сунушталууда

Аналитика Загрузка... 13 Март 2026 18:25
WhatsApp Image 2026-03-13 at 18.10.11.jpeg
copyright icon Кабар

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Окуучулардын 15-18% онлайн агрессияны туруктуу түрдө баштан өткөрүп жатышат. Ал эми киберкуугунтукка кабылган өспүрүмдөр жана жаштар 50%ды түзөт. Бул туурасында Агартуу министрлигинде 11-мартта өткөн “Кыргызстандагы жаштар арасында онлайн агрессиянын чакырыктары” аттуу жыйында белгилүү болду. Анда өспүрүмдөр жана жаштар арасында кибербуллинг менен санариптик жек көрүүнүн жайылышы боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары туурасында айтылган.

Балдар жана жаштар арасында онлайн агрессиянын жайылышы боюнча аталган изилдөө 2025-жылы жүргүзүлгөн. Сурамжылоого Кыргызстандын 7 облусунун, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларындагы 128 билим берүү мекемесинин 12 жаштан 25 жашка чейинки 2096 респонденти катышкан. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, сурамжылоону “Таалим-Форум” коомдук фонду жүргүзгөн. Изилдөөчүлөр акыркы бир жыл ичинде ар бир экинчи адам интернетте зомбулукка кабылганын аныкташкан. Бул балдар интернетте дайыма агрессивдүү контентке, терс мамилеге туш болуп жатканынан кабар берет.

Изилдөөнүн жыйынтыгындагы көрсөткүчтөр:

  • Киберкуугунтукка кабылгандар — 50%;
  • Онлайн агрессияга туруктуу кабылгандар — 15-18%;
  • Жынысына карап кемсинтүү, коркутуулар — 21%;
  • Онлайн тийишүүгө кабылган кыздар — 11,3%;
  • Кемсинткен контентти кеминде бир жолу жарыялагандар — 21%.

Изилдөөчүлөр мектептеги жана көчөдөгү опузалоо, кемсинтүү, жек көрүү сымал зомбулуктар ошол эле убакта интернетте да жүрүп жатканын белгилешкен. Андыктан мектептерде кадыресе психологдон сырткары, санарип психологдор керек экенин белгилешкен.

Ошондой эле жазалоо, контентке бөгөт коюу, айып пул салуу күтүлгөн натыйжаны бербей жатканы айтылган. Зыяндуу контенттин күчөп жайылышынын алдын алууда эң оболу санариптик коммуникация этикасы, онлайн жоопкерчилик боюнча модулдар жана профилактикалык программаларга басым жасоо зарылдыгы белгиленген.

Маалыматка караганда, аталган уюм учурда мугалимдер үчүн колдонмо түзүп жатат. Анда агрессияны кантип таанууну, ата-энелер менен кызматташууну бекемдөөнү, чыр-чатактуу кырдаалдар, жооп кайтаруу алгоритмдери боюнча эрежелер камтылат. Ошондой эле ар бир мектептин, окуу жайдын санариптик жүрүм-турум кодексин иштеп чыгууну сунушташууда. Окуучу, студент, педагогдор санариптик кодекске кол коюп, алар санарип чөйрөдөгү маданиятты кармоого милдеттендирилет.

Онлайн коркунуч жаралган учурда эмне кылуу керек?

Юристтердин кеңеши боюнча бала интернетте коркутууга же зомбулукка кабылса, биринчи кезекте билдирүү же сүйлөшүүнү скриншоттоп сактап коюшу керек. Андан соң ата-энеге жана милицияга кайрылуу зарыл.

Кыргызстанда балдар үчүн атайын ачылган “111” ыкчам номери бар. Балдар жана ата-энелер психологдордон жана юристтерден бекер, анонимдүү кеп-кеңеш алышса болот. Адистер интернеттеги агрессор же алдамчы менен сүйлөшүүнү токтотуп, блокко салууну сунушташат. Эгер кибербуллинг өз мектебинде болсо, жетекчиликке кайрылуу зарыл. Мугалим кибербуллингди аныктаган же шектенген учурда мектеп администрациясына билдирет. Тийиштүү чаралар көрүлүп, зарыл болсо ата-энелер жана өспүрүмдөр иштери боюнча инспекторлор тартылат.

Агартуу министрлиги балдарды кибербуллингден коргоо боюнча кандай иштерди аткарууда?

2024-жылы министрликте буллинг жана кибербуллинг менен күрөшүү боюнча буйрук чыккан. Ага ылайык Кыргыз билим берүү академиясы мугалимдер үчүн маалыматтык материалдарды даярдашы керек. Ошондой эле мектеп жетекчилери буллинг, кибербуллинг, басмырлоо жана суициддин алдын алуу үчүн тарбиялык иштерди жүргүзүүгө, ата-энелер чогулушунда абалдын кооптуулугу, балдардын телефонуна дыкат байкоо жүргүзүү зарылдыгын түшүндүрүүгө милдеттендирилген.

“Министрлик тарабынан “Э-Күндөлүк” мобилдик тиркемеси иштелип чыгып, ичине “Коркпо, билдир!” анонимдүү функциясы киргизилген. Зомбулукка жана укук бузууларга кабылган ар бир окуучу ушул мобилдик тиркемеге билдирүү жөнөткөнгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Окуучунун кайрылуусу Агартуу министрлигине жана Ички иштер министрлигине түшүп, өз ыйгарым укуктарынын чегинде кызматташтыкта иш алып барууга жардам берет. Бул маалыматтар анонимдүү жана сыр бойдон сакталат.
Ата-энелер менен өспүрүмдөрдүн үй-бүлөдөгү алакаларын жакшыртуу максатында “Манас КОД” оюну боюнча мобилдик тиркеме иштелип чыккан. Оюн учурунда биримдик, колдоо жана таяныч атмосферасы түзүлүп, маданий мурастарды сактоонун маанилүүлүгү абдан кызыктуу формада түшүндүрүлөт. Ар бир сюжетте жакындары менен ачык сүйлөшүү жана ой жүгүртүүгө ылайыктуу маанилүү тема сунушталат. Оюндун механикасы уламыш айтуунун салтын улантып, катышуучуларды окуялар жөнүндө сөз кылууга жана угууга чакырат”, — деп билдирди Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы.

Адистер кибербуллингдин кесепеттери менен күрөшүүгө караганда, анын алдын алуу оңой жана максаттуу экенин белгилешет. Мында ата-эненин ролу маанилүү. Анткени тарбия үйдө башталат.

Ата-энелерге кеңеш: Онлайн коопсуздук боюнча үй-бүлөлүк эреже түзүү зарыл. Адистер балдардын интернетти колдонуудагы күн тартибин түзүп, убактысын белгилөө, кайсы сайттарга кирсе болорун айтып кеңеш берүү, жеке маалыматты ачык жарыялабоо зарылдыгын эскертип туруу пайдалуу экенин айтышат.

Коркунучтуу сайттарды блоктоп, шектүү кыймылдарды байкап туруу үчүн баланын гаджетине көзөмөл тиркемесин орнотуу да пайдалуу. Заманбап тиркемелер терс контенттерди чыпкалоого жардам берет. Киберкылмышкерлер дос катары ишенимге кирип, жеке маалыматтарга ээ болушарын, андыктан жеке маалыматтарды эч кимге бербөө, шектүү шилтемелерди жана бейтааныштардан келген билдирүүлөрдү ачпоо зарылдыгын айта жүрүңүз.

Баланын маалыматка карата ой жүгүртүүсүн өнүктүрүңүз. Ал фейктерден жана жалган маалыматтардан сактайт. Окуучу интернеттеги маалыматтын баарына ишене бербеши керектигин, маалымат булактарын текшерүү зарылдыгын айтып туруңуз. Баланын интернетте ким менен сүйлөшкөнүнө кызыгып, соцтармакта таанышкандын баары эле ак ниет эмес экенин түшүндүрүңүз.

Санарип сабаттуулук боюнча жеке мисалыңызда интернетти кантип коопсуз колдонуп жатканыңызды, башкаларды сыйлоону, негативге кантип туура жооп берүүнү көрсөтүңүз. Балдар менен онлайндагы тажрыйбалар туурасында маал-маалы менен сүйлөшүү зарыл. Өспүрүм бир нерсе болсо, кеп-кеңеш үчүн сизге кайрылса болорун билиши керек. Гаджеттеринин программалык жана антивирустук тиркемелеринин жаңылануусуна көңүл буруңуз. Бул вирус жугузуу жана аккаунтту бузуп кирүү кооптуулугун азайтат.