Кыргыздын байыркы маданияты менен патриоттуулук сезимди оюн аркылуу сиңирүүнү максат кылган “Жаакер” этно лагери Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылында жайгашкан. Балдар бул жерден эс алуу менен гана чектелбестен, кыска убакыт ичинде өз тамырын тааныганга жетишет. Лагердин ишмердүүлүгү тууралуу бүгүн негиздөөчүсү Мухтар Атаналиев айтып берет.

Лагерь жөнүндө айтып берсеңиз? Ал ишин качан баштаган? Максаты кандай?
Лагердин негизделгенине жалпысынан алты жыл болуп калды. Ортодон пандемия болуп кетти. 2023-жылдан бери туруктуу иштеп жатат. Эки жылдын ичинде бул жерге баш-аягы эки миңдей бала келип кетти.
Биздин негизги максатыбыз - балдардын жүрөгүнө “кыргызмын” деген патриоттук сезимди орнотуу. Улуттук баалуулуктар менен тааныштыруу. Андыктан, учурда балдардын көбү телефонго байланып калгандыктан, аларга оюндун негизинде кыргыз элинин салт-санаа, үрп-адаты үйрөтүлөт.
Тогуз ай бою окуп чарчаган балдарга оюн аркылуу эле тарбия-таалим бергенге аракет жасайбыз. Биринчи күндөрү балдар адаптация болот. Ал күндөрү жөн гана достошобуз. Андан кийин тартынбай аралашып кетишет.

Кандай оюндар ойнотулат? Балдардын убактысы кандай өтөт?
Лагердин атына жараша негизинен балдарга жаа атууну үйрөтөбүз. Күнүнө 2-3 саат жаа атуу менен алек болушат. Андан башка таяк тартыш, чүкө, топ таш, аркан тартышмай оюндарын ойношот. Ат мингенди үйрөнүшөт. Күн алыс тоого чыгышат. Кыргызстандагы эң чоң шаркыратмалардын бири болгон “Белогорка” шаркыратмасына алып барып келебиз. Кээде манасчылар келип манас айтып беришет. Белгилүү инсандар, коомдук ишмерлерди чакырып балдар менен маек курдурабыз. Аяк жагында балдар ойноп үйрөнгөн оюндар боюнча мелдеш уюштурабыз.

Канча бала кабыл алынат? Жаш курактары кандай?
Мүмкүнчүлүгүбүз отуз балага чейин деп эсептелинген. 8 жаштан 15 жашка чейинки балдар. Андан чоң балдар мындай нерсеге кызыкпай калышат экен. Негизинен көпчүлүк убакта 13 жашка чейинкилер келишет. Бишкек шаарынан сырткары, башка облустардан да келишет. Учурда Токтогулдан келген эки бала катышууда. Убактысы 7 күн. Боз үйлөр бар. Бирөөнөн тамактанышат. Экинчисине жатышат.
Балдар кадимки үйдүн тамактарын жешет. Зыяндуу суусундуктар, фаст-фуд, полуфабрикаттар берилбейт. Көзөмөл жагын айта турган болсом, балдардын санына жараша 2 балага бир кишиболуп калат.
Андан сырткары балдар бир күнгө дагы келип кетишет. Оюндарды ойноп, жаа атып эс алып кетишет.

Этно лагерь деп кызыккандар көппү?
Ата-энелер лагерь дегенде Ысык-Көлдү элестетишет. Негизи шаардык балдарды тоо жергесинде кармаган жана чакырып алып келген дагы кыйын. Рекламадан кийин чалуулар көп болот. Иш жүзүндө азыраак эле бала келет. Себеби, балдар мындай жашоого көнгөн эмес. Бул жерде дүкөн, фаст-фуд, телефон деген нерселер жок. Бирок, ошентсе да бул жерге балдарын жиберген ата-энелер утушта болот. Себеби, балдардын жүрөгүнө жаштайынан кыргызмын деген дан салынып калат. Кыргыз деген күчтүү, таланттуу эл болгон экен деген түшүнүк пайда болот. Ошол дан баланын жүрөгүнөн өнүп, баланы өмүр бою жетелеп жүрүп отурат.
Айрым балдар кетип жатканда “мен чечим чыгардым. Биз жакшы адам болуп Кыргызстанды өнүктүрүшүбүз керек экен” деп сүйүнтүп кетишет. Биздин ишибизден пайда болуп аткан экен деп калам.

Лагерди негиздеп жатканда каржылоо жагын кандай кылдыңыздар эле?
Бул лагерди түптөөнү алгач жеке каражатыбыз менен баштаганбыз. Ортодо пандемия болуп кетип, боз үйлөрүбүздү ары-бери көчүрүп кыйынчылыктарга дуушар болдук. Каржылоого жардам берип жүргөн адамдар бар. Жакынкы араларда Агартуу министрлигине дагы кайрылдык.
Лагерь кышкысын дагы иштейби?
Азырынча жайкысын эле иш алып барууда. Себеби, имаратыбыз жок. Боз үйлөрдү карап, жаңыртып туруу милдетибиз бар. Кээде көчкөнгө туура келет. Бирок, мындан башка дагы долбоорлорубуз бар. Мисалы, “Ата менен бала” деген. Ал кышкысын деле иштей берет. Бала менен атанын, кыз менен эненин мамилесин чыңдоого арналат. Жылуулук алып келе ала турган болсок, жакында ушул долбоорду ишке ашырабыз.