Кыргызстанда жалпысынан эки жарым миңге чукул мектепте 1,5 миллиондон ашуун окуучу окуйт. 2025-жылдын ноябрында өлкө боюнча 50 билим берүү мекемесинде зомбулук көйгөйү боюнча Улуттук изилдөө жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында, биздин өлкөнүн өспүрүмдөрү арасында рэкетчилик, буллинг, гендердик стереотиптерге негизделген зомбулук жана кибербуллинг кеңири тараганы белгилүү болгон. Сурамжылоого катышкан окуучулардын дээрлик жарымы мектептеги зомбулуктун катышуучусу же күбөсү болгонун билдиришкен.
Изилдөөнүн бир багыты интернеттеги коопсуздукка арналган. Сурамжылоого катышкандардын ар бир бешинчиси классташтары тарабынан интернетте кемсинтүүгө, жек көрүндүгө кабылганын билдиришкен.
Изилдөө Акыйкатчы институтунун 2023-жылдагы мониторингинин жыйынтыгын да эске алган. Анда сурамжылоого катышкандардын дээрлик 70%ы социалдык тармактарда жектелип, кордолгонун билдиришкен. Ал эми 60%ы мессенжерлерде, өзгөчө Фейсбукта коркутуп-үркүтүүгө кабылганы аныкталган. Алар троллинг (43,9%), коркутуу жана акча талап кылуу (39,7%) жана жектеген комментарийлер (37,6%).
Жакында эле парламентте депутаттардын бири учурда балдар ойноп жаткан Роблокс жана Майнкрафт онлайн сервистеринде бачабаздар болушу мүмкүндүгүн эскертти. Роблокс демекчи, аталган оюнга Россия, Кытай, Түркия баштаган өлкөлөрдө тыюу салынган. Негизги себеп, балдардын зомбулукту камтыган оюндарды кызыгып ойноосу, ыдыкка, шантажга кабылып, айрым учурда өлүм менен коштолуусу.
Ал эми Роблокс, Discord сымал сервистер тыюулар тизмесине кирип калбоо үчүн 2025-жылдын аягында баланын жашын текшерүүчү функцияны киргизгени маалым болду.
Эл аралык тажрыйба
2025-жылдын соңунда Австралия дүйнөдө биринчи болуп 16 жашка чейинки балдарга соцтармактарда аккаунт ачууга тыюу салып, 5 миллионго жакын өспүрүмдүн аккаунту өчүрүлгөн. Атайын изилдөөнүн жыйынтыгында, 10-15 жаштагы балдардын үчтөн бири соцтармактардагы зөөкүрлүккө, зомбулукка кабылып, психологиялык жараат алганы, дээрлик жарымы кибербуллингге кабылганы аныкталган.

Францияда 2026-жылдын сентябрынан баштап 15 жаштан ылдый балдарга соцтармакта аккаунт ачууга тыюу салуу пландалууда. Президент Макрон Франциянын балдарынын мээси америкалык, кытайлык соцтармактардын товары эмес экенин, алардын кыялдарын алгоритм башкарбашы керектигин билдирген. Чектөө ниетин Испания, Улуу Британия, АКШ, Малайзия, Канада баштаган бир топ өлкөлөр да билдиришти.
Ал эми Борбор Азияга келсек, 2025-жылдын соңунда коңшу Казакстанда 16 жашка чейинки балдарды соцтармакка кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу мыйзамы иштелип чыккан. Учурда талкууда.
Кыргызстанда көрүлүп жаткан чаралар
Кыргызстанда балдарды жана жаш муунду зыяндуу контенттен коргоо максатында 2024-жылы “ТикТок” соцтармагы толугу менен бөгөттөлдү. Мындан сырткары, укук коргоо органдары, Агартуу министрлиги, коомдук уюмдар интернетте, социалдык түйүндөрдө балдарды коопсуз мамиле курууга үйрөтүп, өспүрүмдөргө, ата-энелерине жана мугалимдерге онлайн коркунучтар туурасында эскертүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен иштелип чыккан “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” концепциясынын алкагында үй-бүлө институтун бекемдөө, руханий жактан күчтүү, моралдык жактан дени сак, ар тараптан өнүккөн жаш муундарды тарбиялоого багыттаган иш-чаралар өтүп келет.
Балдар кодексинде ар бир баланын ар-намысы жана кадыр-баркы, жеке инсандыгы кол тийгис. Мамлекет баланын дене-бой, психикалык жана сексуалдык жактан зомбулукка, кемсинтүүгө кабылуусуна жол бербейт. Факт аныкталса сотко кайрылса болот. Буллинг үчүн сот эреже бузган баланын өзүнө жана ата-энесине айып пул салат.
Соцтармак, мессенжер аркылуу зомбулуктун натыйжасында өлүм окуясы катталса, айыптуу 6-8 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Кибербуллинг менен баланы суицидге жеткиргендер 10 жылга чейин соттолуп кетишет. Эгер соцтармактарда жана мессенжерлерде расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык ажырымга негизделген кибербуллинг үчүн өспүрүмдөр 16 жаштан баштап 5 жылга эркинен ажыратылат.

Интернетте балдардын коопсуздугун сактоо мамлекеттик органдардын же тийиштүү уюмдардын эле эмес, жалпы коомчулуктун, ата-эненин да милдети экенин Аялдар жана балдардын укуктарын коргоо боюнча улуттук альянстын мүчөсү Назгүл Турдубекова эскертет.
“Мисалы, ЮНЕСКОнун отчетун алсак, дүйнө өлкөлөрүндө кибербуллингге, онлайн-зомбулукка адатта 9 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр кабылат. Алты баланын бири кибербуллингдин курмандыгы болот экен. Негизи, пандемияга чейин мектеп окуучулары арасындагы буллинг офлайн болчу, ковиддеги чектөөлөрдөн кийин онлайн форматка өтүп кетти. Балдардын кибербуллингинин себептеринин бири, өспүрүмдөрдүн анын кесепети жөнүндө билбегендиги. Ошондой эле интернетте балдардын укугунун бузулуусуна көңүл бурбагандык жана алардын санарип чөйрөдөгү аракети үчүн жооптуу ата-энелердин санарип сабаттуулугунун жоктугу да себеп. Алар зомбулук көчөдө же мектепте болот деп ойлоп, буллинг онлайн чөйрөгө өтүп кеткенин түшүнбөй жатышат.
Дагы бир жагдай, онлайн-оюндар учурунда өспүрүмдөрдүн 31,4% кибербуллингге кабылып, оюн контекстиндеги кодулоонун объектисине айланышкан. Бул эми дүйнөлүк статистика. Кыргызстанда профессионалдык жана массалык түрдө изилдөө жүргүзүлө элек. Мектептердеги кибербуллингдин алдын алуу иштери Агартуу министрлиги, укук коргоо органдары жана коомдук уюмдар тарабынан жүргүзүлүп келет. Бирок бул жетишсиз. Профилактика максаттуу жана натыйжалуу болушу үчүн жаштар жана ата-энелер да тынбай аракет кылуусу керек. Коомчулук балдарга карата зомбулукка жол бербөө үчүн жалпы адамзаттык баалуулуктарды сиңирүү жана өнүктүрүүсү зарыл”, -деп билдирди Назгүл Турдубекова.