Баланын жан дүйнөсү өзү жомоктон, учу-кыйыры жок кыялдардан турат эмеспи. Ал эми ошол аруу дүйнөгө жомок аркылуу нур чачуу, баланын кыял дүйнөсүн байытуу — жазуучунун ыйык милдети. Бул маекте балдар жазуучусу Айдай Бекбоева бала кездеги таасирлери, жомоктун күчү жана азыркы балдар адабияты тууралуу ой бөлүшөт.
- Балдар адабиятына болгон кызыгууңуз кантип башталган? Балдар үчүн жазууга эмне себеп болгон?
- Мен өзүм Ысык-Ата районунун Өтөгөн деген айылында төрөлүп өскөм. Айылыбыз жомоктогудай кооз жерде жайгашкан. Ошол көркөм табият мага таасир берсе керек.
Атамдын көзү эрте эле өтүп кетип, апам бизди жалгыз өстүрүптүр. Балдар адабиятына кызыгып, калем кармап калышыма апамдын салымы чоң. Себеби, байке-эжелерим тоолордон долоно, карагат теребиз деп кеткенде мен аларды ээрчип ыйлап, апам мени алаксытуу үчүн түрлүү жомокторун айтып берчү экен. Өзгөчө ажыдаар жөнүндө жомогун элестетүү менен укчу элем. Мындан улам апамдын жомок-аңгемелери, ырлары андагы сыйкыр дүйнө менин эсиме бекем түйүлүп, жан дүйнөмө сиңип калса керек.

- Жомок балага кандай таасир берет?
- Кытай элинин “жомок укпаган бала суусуз өскөн даракка окшош” деген макалы таамай айтылган. Себеби, баланын кичинекей кезинде уккан жомоктору өмүр бою эсинде калат. Ал баланын жан дүйнөсүнө жарык берет. Баланы кичинесинен эле жомок китептер менен чоңойтуу, китепти сүйүүгө үйрөтүү ар бир ата-эненин парзы десем жарашат. Бүгүнкү күндө замандын талабына ылайык, ата-энелердин убактысы тартыш болгондуктан, балдарына жок дегенде аудио жомок угузуп турганы жакшы демекчимин.

- Учурдагы балдар адабиятынын абалы кандай?
- Мурункуга салыштырмалуу акыркы убактарда балдар адабиятына абдан жакшы көңүл бурулуп жатат. Президенттин демилгеси менен Кара-кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 китеп чыгарылып, алардын арасында балдарга арналган китептер дагы чыкты. Андан сырткары Каныбек Жунушевдин “Гүл дүйнө”, Токтосун Самудиновдун “Ар бакчадан бирден гүл”, Нургазы Миңкарагаевдин “Куунак көңүл көктөмдө”, Сулайман Рыспаевдин “Китеп окуган шамал”, Аман Карымшаковдун “Хан дарбыз” китептери буга мисал. Жакында эле Элмира Төлөкованын “Жашынмак” деген китеби үч тилде басылып чыкты. Ичинде обондуу ырлар дагы бар.
- Негизи эле кыргыз тилинде балдардын жаш курагына жараша китептер жетиштүүбү?
- Балдардын жаш курагына жараша айта турган болсок, бизде 4 жаштан жогорку балдарга китептер жетиштүү. Ал эми 3 жашка чейинки балдарга арналган китептер өтө аз. Буга улуттук деңгээлде көңүл бурулганы туура деп ойлойм. Анткени дүйнөнү, башка өлкөлөрдү карап көрсөк, алар кенже курактагы балдарга заманбап технологиялардын жардамы менен үн коштолгон, сүрөттөрү кызыктуу китептерди көп чыгарышат. Биз дагы муну эске алганыбыз жакшы.

- Которулуп жаткан китептерге кандай карайсыз? Бул китептер купулга толобу?
- Котормо китептердин болгону бир чети жакшы. Анткени, балдар кыргыз жазуучуларын гана окубастан, чет элдик чыгармаларды дагы окуп дүйнө таанымы кеңейет, тили, фантазиясы өнүгөт. Бирок, анткени менен буга мамлекет тарабынан көзөмөл керек деп ойлойм. Себеби, мындай китептердин мукабасы, сүрөттөрү кооз болгондуктан, балдар аларды ылгабай, сыртына карап ала бериши мүмкүн.
- Балдарды китеп окуганга кантип кызыктырсак болот?
- Китеп баланын жашоосуна канчалык эрте аралашса ошончолук жакшы. Бала эненин ичинде жатканда эле ага ырдап, жомок айтып бере бериш керек. Төрөлгөндөн кийин дагы муну улантуу зарыл. Китептерди замандын талабына ылайык, заманбап технологияларды колдонуу менен шөкөттөп, кызыктыруучу кылып чыгарсак болот.
Чет элдик тажрыйбаларды мисал кыла турган болсок, Японияда ар бир жаңы чыккан балдар китебине оюнчукту кошо чыгарышат экен. Америкада болсо бала бакчаларга китеп каармандары (каармандын костюмун кийген) келип балдар менен ойнойт экен.
- Азыр балдар интернеттен эле көп маалыматтарды билип алат деген туурабы?
- Балдар интернеттен эле өзүнө керектүү маалыматтарды алып алат деген жаңылыштык. Китеп окуунун өзүнүн пайдасы бар. Бул анын интеллектуалдык өнүгүүсүнө абдан чоң таасирин тийгизет. Баланын сөз байлыгы кеңейет, өзүнө болгон ишеними жогорулайт, оюн туура жеткиргенди үйрөнөт. Эң башкысы эс-тутуму жакшырат. Пайдалуу жактары абдан көп.