Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүнүн онколог дарыгери Азат Искаков “Кыргыз радиосунун” түз эфиринде балдар арасында онкологиялык оорулардын көбөйүшүнүн себебин түшүндүрдү.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда оорулууларды эсепке алуу жана алардын дартын аныктоо жакшырды, буга байланыштуу ооруну аныктоо көрсөткүчү өстү.
“Ошондуктан рак оорусуна жаӊы кабылган балдардын саны эмес, расмий катталгандардын саны жогорулады десек туура болот. Бизде буга чейин балдардын жарымы гана каттоого алынчу. Азыр диагностикалык методдорду, аныктоо куралдарын өркүндөтүү, техникалык базаны жакшыртуу боюнча активдүү иш жүрүүдө.
Балдар арасында онкологиялык оорулардын көбөйүүсүнө бир нече себептер бар. Биринчи кезекте балдар онкологиясы генетикалык өзгөрүүгө байланыштуу. Бала эненин курсагында тогуз ай жатат. Тогуз айда эне кола ичиши мүмкүн, боёк кошулган момпосуй жеши мүмкүн,тамеки чегиши мүмкүн, спирт ичимдиктерин ичиши мүмкүн,сасык тумоо менен оорушу мүмкүн”,-деди ал.
Дарыгер белгилегендей, балада онкологиялык дарт пайда болгонун дароо аныктоо оор. Ата-эне ал белгини биле албайт.
“Балдар онкологиясын үчкө бөлсө болот. Биринчиси - ак кан. Бала аны менен ооруганда алсыз болуп калат. Өзү кубарып, боору, көк боору чоңоёт. Мурду канайт. Тиши канап, бүйлө шишийт. Бул белгилер башка ооруларда да кездешет. Андыктан аныкталгыча рак деп диагноз коё албайсың. Экинчиси - денеде шишик пайда болот. Аны ата-энелер кокусунан байкап калат. Мисалы, бөйрөк рагын баласын жуунтуп жатып байкап калгандар бар. Үчүнчүсү - мээнин шишиги. Мында бала токтобой кусат. Эгер тамактан болсо, адам кускандан кийин жеңилдеп калат. Бирок мээде шишик пайда болгондо, кускандан кийин да абалы жеңилдебейт. Андан кийинки белгилери - бети кыйшаят, колу иштебей калат”,-деди ал.