Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында финалга жолдомо алды.
Ал 68 кг салмак категориясында күч сынашып, чейрек финалда Вьетнамдын өкүлүн 10:0 эсебинде ишенимдүү жеңип, жарым финалга өткөн.
Жуманазарова жарым финалда кытайлык балбанды утуп, финалга чыкты. Эми балбан алтын медаль үчүн күрөшөт.
Белгилей кетсек, бүгүн, 8-апрелде чемпионаттын үчүнчү күнүндө кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтүүдө.
Анда 50, 55, 59, 68 жана 76 кг чейинки салмактарда медалдар ойнотулууда.