Доордун талабына ылайык, көпчүлүк аталар үй-бүлөсүн материалдык жактан камсыз кылуу үчүн күнү-түнү иштеп, бала тарбиясына дээрлик катышпай калышат. Бирок баланын жашоосунда ата да, эне да бирдей маанилүү ролду ойнойт. Атанын милдети — үйгө каражат таап келүү менен эле чектелбестен, баланын руханий жана социалдык жактан өнүгүүсүнө да түздөн-түз таасир берүү болуп саналат. Алдыда “Кабар” агенттигине тажрыйбалуу педагог Шайыргүл Мухтарали кызы баланын жашоосундагы атанын орду тууралуу айтып берет.
Бала – атасынан үлгү алат
Ата – бул баланын дүйнөсүндөгү биринчи каарман, коргоочу жана устат. Эң биринчи үлгү. Эне балага сүйүү берсе, ата ага канат болуп берет. Ата баланын өнүгүшүнө эмоционалдык, психологиялык жана социалдык жактан чоң таасирин тийгизет. Бала атасынын жүрүм-турумун, сүйлөгөнүн, жумушка болгон мамилесин көрүп, ал үлгүнү өзүнө сиңирет. Атасы мээримдүү, ак ниет, жоопкерчиликтүү болсо — бала дагы ошондой болууга умтулат. Андыктан, атанын баланын жашоосундагы орду өтө чоң.
ЮНИСЕФ уюмунун маалыматы боюнча, атанын эмоционалдык жана интеллектуалдык жактан баланын жашоосуна активдүү катышуусу анын өзүнө болгон ишенимин арттырып, мектептеги жетишкендигин жана коомдогу жүрүм-турумун оң нукка багыттайт.

Эмоционалдык өнүгүү - эмоционалдык жактан, ата баланы мактаганда же колдоо көрсөткөндө, бала өзүнө болгон ишенимге ээ болот. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, ата менен ынак мамиледе өскөн балдарда стресске туруштук берүү жөндөмдүүлүгү жогору болот жана алар өзүнүн эмоцияларын туура башкарып үйрөнөт.
Интеллектуалдык өнүгүү - ата баласы менен суроо-жоопко негизделген сүйлөшүүлөрдү көп жүргүзөт. Мындай баарлашуу баланын тил байлыгына жана ой жүгүртүүсүнө түздөн-түз таасир этет. Американын Психологиялык Ассоциациясы (APA) билдиргендей, ата активдүү катышкан үй-бүлөлөрдө баланын мектептеги ийгилиги 43%га жогору болот.
Физикалык өнүгүү - аталар балдарын кыймылдуу оюндарга көбүрөөк тартат: чуркоо, күрөшүү, топ ойноо, жөө басуу. Бул алардын координациясын, булчуң массасын жана дене тартибин өнүктүрөт. Ошондой эле бул баланын энергиясын туура пайдаланууга үйрөтөт.
Социалдык өнүгүү - ата балага коомдогу жүрүм-турум нормаларын, чек араларды, тартипти үйрөтөт. Ата менен жакшы мамиледе өскөн бала башка адамдар менен тил табышууга, эрежелерди сактоого, чынчыл жана жоопкерчиликтүү болууга умтулат.
Скандинавия өлкөлөрүндө аталар бала төрөлгөндө атайын “аталык өргүүгө” чыгышат. Бул мамлекет тарабынан колдоого алынган атайын саясат. Ал эми бизде мындай шарттар болбогону менен, ар бир ата өз ниети менен эле баласына күнүнө 30 мүнөт болсо да таза убакыт бөлө алат. Бул бала үчүн өтө чоң мааниге ээ.

Ата-энеге жүк тең болушу керек
Көпчүлүк энелер “күйөөм балама көңүл бурбайт, чарчап келдим деп телефон чукулайт” деп нааразы болушат. Мындайда эне менен ата бири-бирине жардамдашышы зарыл. Эне көпүрө болуп, ата менен баланын ортосунда байланыш түзүп берүүгө аракет кылышы керек. Бирок башкысы — ата өз ыктыяры менен баласына убакыт бөлүп, жубайына колдоо көрсөтүшү шарт.
Эненин бактысы – бала бактысынын негизи
Ошондой эле, бала тарбиясында ата өз жубайына шарт түзүп бериши өтө маанилүү. Эне толук эс албаса, балага жетиштүү көңүл бура албайт. Ага энергия менен күч абдан керек. Ошондуктан ата кээде “Баламды сейилдетип келейин, сен эс ал” деп дем берип, жубайына бир жумада бир жолу сыртка чыгып эс алуусуна, курбу-курдаштары менен жолугушуусуна, келбетине, ден соолугуна кам көрүүгө шарт түзүп бергени жакшы.
Көпчүлүк күйөөлөр аялын түшүнгүсү келбей, тескерисинче “тамагың даяр эмес”, “үйүң чачык”- деген сыяктуу жемелөөчү сөздөрдү айтышат. Балдар туура тарбия алуусу үчүн, эң оболу алардын энесин бактылуу кылган оң.

Жыйынтыктап айтканда ар бир бала ата менен эненин тең салмактуу сүйүүсүнө жана тарбиясына муктаж. Атанын милдети — жөн гана акча таап келүү эмес, баласынын жан дүйнөсүнө терең кирүү, аны түшүнүү, кубаттоо жана туура жол көрсөтүү. Бүгүнкү баланын тагдыры – эртеңки улуттун келечеги. Ата өз баласына кайдыгер карабай, сүйүү, жоопкерчилик жана урмат менен мамиле кылса, коом да бекем, туруктуу жана бактылуу болот.