Кыргызстанда калктын 30 пайыздан ашыгын 18 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр түзөт. Өлкөдө болжол менен 2,5 миллионго жакын бала бар, алардын 1,5 миллиону мектеп окуучулары. Мектеп жашындагы балдардын дээрлик 90 пайызы интернет колдонушат. Изилдөөлөргө караганда, балдар күнүнө орточо 3–5 саат интернетте отурушат, кээ бирлери болсо дээрлик күнү-түнү онлайн болушат. 2010-жылдары негизги маселе балдардын интернетке жетүүсү болсо, азыркы учурда башкы көйгөй алардын интернеттеги коопсуздугу. Мурда жашоодо болгон зомбулук, алдамчылык, коркутуу, ыдык сыяктуу кылмыштар бүгүн интернетке өтүп, балдардын психикалык саламаттыгына жана коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратууда.
Балдардын интернеттеги коопсуздугу ата-эненин жоопкерчилиги
2021-жылы кабыл алынган «Жарандардын рухий жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» концепциясында президент Садыр Жапаров келечек муунду тарбиялоодо ата-энелердин жоопкерчилигин белгилеген. Анда үй-бүлө, ата-эне социалдык-экономикалык жана саясий өксүктөргө, жумушсуздук, ички жана тышкы миграцияларга карабастан, жаш муундардын саламаттыгын камсыз кылуусу, руханий-адеп-ахлактык сапаттардын түптөөсү, эмгек көндүмдөрүн калыптандыруусу, терең жана мыкты билим алуусуна шарт түзүүсү зарылдыгы айтылган.
Кыргыз коомчулугу балдардын интернеттеги коопсуздугун толугу менен укук коргоо органдарына же мектепке жүктөп коюу туура эмес экенин түшүнүшү керек. Бул эң оболу ата-эненин жоопкерчилиги.
Бүгүнкү күндө көпчүлүк ата-энелер балдарынын эртеден кечке телефон карап отурганына көнүп калышкан. Интернетте кандай коркунучтар бар экенине көп учурда олуттуу маани беришпейт. Мурда мектепте же көчөдө кездешчү одоно көрүнүштөр азыр интернетке өтүп кеткенин айрым ата-энелер толук түшүнө элек. Көпчүлүгүнүн жумуштан колу бошобой, баланын онлайн жашоосуна көңүл бурууга убактысы жетпей калууда.
Азыркы балдар жаңы технологиялар менен кошо өсүп жатат. Ошондуктан ата-эне да санариптик жактан сабаттуу болушу керек. Медианы туура көзөмөлдөөнү, балдар психологиясын билүүнү үйрөнүүсү зарыл.
Эң негизгиси, балага жөнөкөй эрежелерди түшүндүрүү керек: күнүмдүк жашоодо кандай тартип карманса, интернетте да ошондой жүрүшү зарыл. Жалган сүйлөбөө, шылдыңдабоо, мазактабоо, урушпоого үйрөтүү керек. Ошондой эле мыйзамга каршы келген же бирөөнү уятка калтыра турган сүрөт, видео, постторду жүктөөгө болбой турганын так билиши шарт.
Экинчиден, ата-эне балага сынчыл ой жүгүртүүнү үйрөтүүсү керек. Жашаган дарегин, телефон номерлерин, электрондук почтасынын паролдорун, бир туугандары, ата-энелери туурасында маалыматтарды эч кимге жөнөтпөө, белгисиз шилтемелерди баспоо, онлайн-сооданы ата-эненин көзөмөлүндө кылуу зарылдыгын бала так билүүсү зарыл.
Адистер белгилегендей, азыркы муунга мурдагыдай катуу тыюу салуу же ультиматум коюу натыйжа бербейт. “Телефон кармаба!”, “Интернетке кирбе!” деген сыяктуу буйруктар баланы алыстатышы мүмкүн.
Психолог Мээрим Мураталиеванын айтымында, эң туура жол ата-эне бала менен интернеттин жакшы жана жаман жактары тууралуу дайыма ачык сүйлөшүп турушу керек. Тыюу салгандан көрө түшүндүрүү, угуу жана ишенимдүү мамиле түзүү маанилүү.
Ошондой эле адис баланын интернетте максатсыз сааттап отуруусунун артында көп учурда үй-бүлөдөгү мамиленин начардыгы же ата-эне менен байланыштын солгундугу турарын белгилейт. Эгер бала үйдөн жылуулук, көңүл буруу таппаса, ал аны интернеттен издей баштай турганын айтат.

"Азыр көп ата-энелер баланын интернеттеги коопсуздугун олуттуу ойлонбой жатышат. Алар интернетте да алдамчылар жана жаман ойлуу адамдар бар экенин, ошондой эле бала туура эмес видеолорду көрүп психикасына зыян тийгизиши мүмкүн экенин толук түшүнө элек. Көпчүлүк чоңдор “бала үйдө отурат, коопсуз” деп ойлошот, бирок чындыгында бала телефон аркылуу коркунучка туш болушу мүмкүн. Интернетти туура эмес колдонуу же өзүнө кол салуу фактылары да кездешет.
Ошондуктан ата-эне баласы менен ачык сүйлөшүп, интернетти туура колдонууну үйрөтүшү керек. Баланын кечке телефон карап, оюн же социалдык тармактарга берилип кетиши көп учурда көңүл жетишпестигинен, ички боштук же жалгыздык сезиминен кабар берет. Эгер бала ата-энесинин жанында өзүн керексиз же көрүнбөй калгандай сезсе, ал интернетке качат. Бул анын эмоциясын башкарууга жана чыныгы жашоого кызыгуусунун азайганын көрсөтөт.
Тыюу салуудан көрө түшүндүрүп, эмне жакшы, эмне жаман экенин айтып берүү маанилүү. Телефонго убакыт чектөө функциясын орнотуп, баланын ким менен сүйлөшүп жатканын кызыгып, ага сырдашып, эң жакын адам экенин сездирүү зарыл. Эң негизгиси, бала ата-энесине ишенип, коркпой айтып келе тургандай байланыш болушу керек"— дейт психолог.
Мындан тышкары, билим берүү мекемелери жана укук коргоо органдары өз милдетинин алкагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Ал эми Санарип министрлиги ата-энелерди баланын телефонуна көзөмөл коюучу функцияларды орнотууга милдеттендирүү сунушун көтөрүүдө.
Баланын интернеттеги укуктары Балдар кодекси аркылуу да корголот. Эгерде социалдык тармактар же мессенжерлер аркылуу зомбулукка чакыруу, өлүмгө үндөө, суицидге түртүү же улуттук, аймактык кастыкты козутуу фактылары аныкталса, күнөөлүүлөр кылмыштын оордугуна жараша 6 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Мындай жагдайга жеткирбөө үчүн баланы интернетти туура жана пайдалуу колдонууга үйрөтүү — ата-эненин негизги милдети. Анткени тарбия көчөдө же мектепте эмес, эң оболу үй-бүлөдө, бала жарык дүйнөгө келген күндөн тартып башталат.