Бишкек, 06.08.26 /Кабар/. “Бала ырысы” мамлекеттик жөлөк пулун алуучулардын иштеп жаткан банк карталары “Түндүк” аркылуу автоматтык түрдө көрсөтүлөт. Бул тууралуу “Элден собол” берүүсүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Социалдык төлөмдөр башкармалыгынын башкы адиси Адел Жоомартова билдирди.
“Учурда төлөмдөр “Элдик банк” жана “Айыл банк” аркылуу жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, министрлик 17 банк менен келишим түзүп, аларды системага кошуу иштерин жүргүзүүдө.
Эгер жарандын бир нече банкта эсеби болсо, ал жөлөк пулду кайсы банк аркылуу алууну өзү тандай алат”, - деди ал.