“Бала ырысы”: 192 миң балага жөлөк пул берилди

Коом Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 13:00
WhatsApp Image 2026-08-06 at 13.00.44.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 06.08.26 /Кабар/. Июль айына карата “Бала ырысы” мамлекеттик жөлөк пулун алуу үчүн 192 миң арыз түшүп, алардын баарына төлөмдөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Социалдык төлөмдөр башкармалыгынын башкы адиси Адел Жоомартова “Элден собол” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, берилген арыздардын негизинде 3 жашка чейинки балдардын 45 пайызы камтылды. Ошол эле учурда жөлөк пул алуу үчүн кайрылуулар дагы деле кабыл алынууда.

Министрликтин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, “Бала ырысы” программасы 440 миңден ашуун баланы камтышы күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, “Бала ырысы” жөлөк пулунун суммасы 1200 сомду түзөт. Бийик тоолуу аймактар менен алыскы жетүүгө кыйын аймактардын жашоочуларына жөлөк пул райондук коэффициент менен эсептелинет. Эң бийик коэффициент 2400 сомго чейин жетет.