Бакыт Төрөбаев Венгрия элчилигинин өкүлдөрү менен суу маселесин талкуулады

Коом Загрузка... 06 Март 2025 17:21
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри  Бакыт Төрөбаев Венгриянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү менен суу маселесин талкуулады.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууга элчиликтин өкүлдөрү Марис Зольтем жана Андрей Букай, Кыргызстандын Венгриядагы Ардактуу консулу Эндре Эрдош, ошондой эле эл аралык “Н2О” консорциумунун регионалдык директору Золтан Бенко катышты.

Жолугушууда тараптар Кыргызстандын калктын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, канализациялык тазалоочу курулмаларды куруу жана ирригация тармагында кызматташууну өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Министр Бакыт Төрөбаев өлкөнүн айылдарын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуунун маанилүүлүгүн, ошондой эле ири шаарларда гана эмес, республиканын алыскы райондорунда да тазалоочу курулмаларды куруу зарылдыгын белгиледи.

"Н2О" эл аралык консорциумунун өкүлү Золтан Бенко жолугушуунун катышуучуларын компаниянын ишмердүүлүгү жана анын суу ресурстары жаатындагы тажрыйбасы менен кеңири тааныштырды.

Талкуунун жүрүшүндө өзгөчө көңүл Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын сактоо жана региондун инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерине бурулду. Венгриянын суу ресурстарын башкаруудагы (мисалы, Балатон көлү жаатындагы) олуттуу тажрыйбасын эске алуу менен тараптар Кыргызстанда алдыңкы технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пикир алмашышты.

"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык топтун төрагасы катар Бакыт Төрөбаев көлдүн экологиясын сактоонун биринчи даражадагы маанилүүлүгүн белгиледи.

Артыкчылыктуу милдеттердин катарында заманбап тазалоочу курулмаларды куруу, ирригациялык системаларды жакшыртуу жана сууну пайдалануунун инновациялык методдорун киргизүү саналды.

Жолугушуунун жыйынтыгында "Н2О" консорциумунун өкүлү Золтан Бенко мындан аркы өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экендигин жана Кыргызстандын суу менен камсыздоо жана суу ресурстарын коргоо тутумун жакшыртууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.