Өлкөнүн ишкана-мекемелерине 2023–2024-жылдар үчүн Сапат сыйлыгы тапшырылды

11 апрель 2025 16:16
67f8e5891fb7f-thumb.jpeg
67f8e5979c010-thumb.jpeg
67f8e59622c2a-thumb.jpeg
67f8e596714e0-thumb.jpeg
67f8e5a1c57e5-thumb.jpeg
67f8e5a3a1f70-thumb.jpeg
67f8e5a6b7cb4-thumb.jpeg
67f8e5a50dd77-thumb.jpeg
67f8e5a217cd9-thumb.jpeg
67f8e5a361e9e-thumb.jpeg
67f8e5a595d10-thumb.jpeg
67f8e5a2879f3-thumb.jpeg
67f8e5a4774cf-thumb.jpeg
67f8e5a634996-thumb.jpeg
67f8e596df30e-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
67f8e5891fb7f-thumb.jpeg
67f8e5979c010-thumb.jpeg
67f8e59622c2a-thumb.jpeg
67f8e596714e0-thumb.jpeg
67f8e5a1c57e5-thumb.jpeg
67f8e5a3a1f70-thumb.jpeg
67f8e5a6b7cb4-thumb.jpeg
67f8e5a50dd77-thumb.jpeg
67f8e5a217cd9-thumb.jpeg
67f8e5a361e9e-thumb.jpeg
67f8e5a595d10-thumb.jpeg
67f8e5a2879f3-thumb.jpeg
67f8e5a4774cf-thumb.jpeg
67f8e5a634996-thumb.jpeg
67f8e596df30e-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.04.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын 2023–2024-жылдар үчүн Сапат боюнча сыйлыгына ээ болгон ишканаларды жана мекемелерди сыйлоо аземине катышты. 

Анда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, бул иш-чаранын абдан маанилүүлүгүн, акыркы 25 жылдан бери бул конкурс өлкөбүздөгү ишканалардын сапаттуу иш алып баруусуна, атаандаштыкка түрткү берип келгенин белгиледи. 

“Акыркы үч жылдан бери экономикабыз туруктуу өсүш көрсөтүп, ички дүң продукт 1,5 трлн сомдон ашты. Өсүү темпи жыл сайын 9%дан кем эмес болууда. Бул мамлекет тарабынан бизнеске ыңгайлуу шарт түзгөнүн жана экспортту колдоп жатканын далилдейт. Мындай иштер инвестиция тартууга жана экономикабыздын туруктуу өсүшүнө мүмкүнчүлүк түзүп жатат. 2024-жылы 102 жаңы өнөр жай ишканасы ишке берилди, ал эми 2025-жылы дагы 128 жаңы ишкана ачылат деп күтүлүүдө. Бул жаңы жумуш орундарын түзүп, аймактарды өнүктүрүүгө салым кошот дегенди билдирет. Экспорт да 15%га өстү. Бүгүнкү күндө сандан сапатка өтүүдөбүз”, – деди Бакыт Төрөбаев. 

Ошондой эле, минкаб төрагасынын орун басары продукцияны кайра иштетүү, эл аралык стандарттарга шайкеш келиши да абдан маанилүү экенин, мамлекет акыркы жылдары уюмдардын сунуштаган продукциясы менен кызматтардын сапатына өзгөчө көңүл буруп жатканын, ошондуктан бул багыттагы Сапат сыйлыгы өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады.

“Сапат менен көлөмгө көңүл буруу эң туура багыт. Эгерде продукция сапаттуу болсо, туруктуу иштегенге чоң мүмкүнчүлүк. Сапат сыйлыгы — бул сапат жаатындагы эң жогорку улуттук наам. Бул сыйлык мыкты жетишкендиктерди, тынымсыз эмгектерди таанып, мамлекет тарабынан чоң урмат менен берилет. Быйылкы сынактын жеңүүчүлөрү өлкөбүздүн чыныгы лидерлери болуп саналат. Сиздер сапат боюнча “үлгү” деген наамга ээ болдуңуздар. Сапат жаатындагы сыйлыгынын лауреаттары менен дипломанттарын чын дилимден куттуктайм! Бул жеңиш — жогорку жоопкерчиликтин, кесипкөйлүктүн натыйжасы”, – деди минкаб төрагасынын орун басары. 

Белгилей кетсек, сынак эки жылда бир жолу төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:

- өнөр жай продукциясын жана эл керектөөчү товарларды өндүрүү;

- азык-түлүк жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү;

- кызмат көрсөтүүлөр. 

Сыйлыктар конкурстук негизде ыйгарылат:

- продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты чөйрөсүндө олуттуу натыйжаларга жетишүү, алардын коопсуздугун камсыз кылуу;

- эл аралык стандарттардын талаптарына жооп берген продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга алып келүүчү илимий жана уюштуруу-техникалык иштер;

- сапатты башкаруунун жогорку натыйжалуу системаларын жана ыкмаларын киргизүү.