Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Азербайджандын Баку шаарында 15 адам этил спиртине ууланып каза болду. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 22-23-февраль күндөрү Бакунун Сабунчу районунда түрдүү даректер боюнча 15 адамдын өлүмү катталган. Аталган факты боюнча Азербайжан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренесинин 3-бөлүгү (Шалаакылык эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келген) менен кылмыш иши козголуп, алдын ала тергөө иштери жүрүп жатат.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жабырлануучулар курамында 75% жана 95% спирт бар ар кандай гигиеналык каражаттарды колдонушкан.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 15-январында Түркияда 19 адам жасалма алкоголдук ичимдиктерге ууланып каза болуп, дагы 65 адам мас абалынын оор белгилери менен ооруканага жаткырылган.
Февраль айынын ортосуна карата Түркияда жасалма алкоголдук ичимдиктерден жабыркагандардын саны 59 адамга жетип, дагы 35и оор абалда реанимацияда жатат.