Бактыбек Токсонбаев Баткен облусунун башчысынын биринчи орун басары болду — Кабар

Бактыбек Токсонбаев Баткен облусунун башчысынын биринчи орун басары болду

Кадрлар жана дайындоолор 1 апрель 2025 16:41
488382982_1199912438168876_2504185697798567927_n.jpg
487949968_1199912534835533_4580911706964220211_n.jpg
488301775_1199907458169374_2534365586201211174_n.jpg
488173359_1199912554835531_1236173707752196607_n.jpg
488176803_1199907571502696_1826511042674706019_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүндө кадрдык өзгөрүүлөр орун алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Бактыбек Токсонбаев президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп, Абдирашит Ташбалтаев орун басары болуп Ташбалтаев дайындалды.

Тиешелүү тескемелерге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Бактыбек Токсонбаев буга чейин президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн уюштуруу иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору (Баткен облусу боюнча куратор) кызматын аркалаган.

Абдирашит Ташбалтаев буга чейин Лейлек райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары кызматында иштеген.

Жаңы дайындалган жетекчилерди облустун активине Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов тааныштырып, иштерине ийгилик каалады.