Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор 15 май 2025 18:18
Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри болуп дайындалды

Бишкек, 15.05.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Орозов Бактияр Сайпидинович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри болуп дайындалды.