Байконур космодромунда жылдын алгачы ракетасы 28-февралда учурулат

Борбор Азия 20 февраль 2025 15:35
WhatsApp Image 2025-02-20 at 12.20.25 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-20 at 12.20.25 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-20 at 12.20.25.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-02-20 at 12.20.25 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-20 at 12.20.25 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-20 at 12.20.25.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Байконур космодромунда жылдын алгачы ракетасы 28-февралда учурулат. Эл аралык космос станциясына (экс) "Прогресс МС-30" жүк ташуучу кемеси жөнөйт. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, учурда адистер космостук жүк ташуучу унаага күйүүчү май куюп, Байконур космодромунун монтаждоо жана сыноо корпусуна жөнөтүштү. Ал жерде космостук аппарат учурулганга чейин акыркы этаптар үчүн динамикалык стендге жайгаштырылат.

Байконур космодромунун 31-участогунан “Прогресс МС-30” транспорттук жүк ташуучу кемеси менен “Союз-2.1а” ташуучу ракетасын учуруу 28-февралга, Астана убактысы боюнча саат 02:24кө белгиленген.

Жылдын биринчи космостук учушун Казакстан менен Россиянын космостук ведомстволорунун жетекчилери көзөмөлгө алат.