Баатырбек Жантаев Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор 14 июль 2025 13:10
Баатырбек Жантаев Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды

Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Жантаев Баатырбек Темиржанович Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды.