Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтом долбоорун кабыл алышты.
Парламенттен билдиришкендей, депутат Медер Чотонов токтом долбоорунда "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин балдарына 100% мамлекеттик билим берүү жеңилдигин берүү каралып жатканын белгиледи.
Муну менен катар, депутаттар "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин курамына талапкерди көрсөтүү жөнүндө" токтом долбоорун карап, кабыл алышты.
Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев "Ала-Тоо" депутаттык тобу аталган директорлор кеңешинин курамына Абдупата Маткаликовдун талапкерлигин сунуштаганын маалымдады.
Ошондой эле Жогорку Кеңеш "Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө" Жогорку Кеңештин VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтом долбоорун кабыл алды.