Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Глобалдык экологиялык фонддун 8-ассамблеясынын алкагында Борбор Азия аймагы үчүн өзгөчө маанилүү окуя болду.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, анда Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү ак илбирсти, жапайы жаныбарларды коргоо жана тоолуу аймактарды туруктуу башкаруу боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Бул демилге Глобалдык экологиялык фонд жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен ишке ашууда.
Жыйында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев өлкөнүн бул багыттагы негизги ролун белгиледи.
"Кыргызстан ак илбирсти жана анын тоолуу экосистемаларын сактоо боюнча эл аралык күн тартибин илгерилетүүдө лидерлик позициясын ишенимдүү сактап келет. Биз бул глобалдык программанын демилгечилеринин жана эң активдүү катышуучуларынын бирибиз", - деди ал.
Кыргызстан жаратылышты коргоо боюнча төмөнкүдөй конкреттүү милдеттенмелерди аткарууну улантарын ырастады:
- жаныбарлардын бир аймактан экинчи аймакка коопсуз өтүүсү үчүн атайын жаратылыш коридорлорун өнүктүрүү;
- мамлекеттик коруктардын жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын көбөйтүү;
- жапайы жаратылышка жана ак илбирстердин популяциясына көз салуу үчүн фототузактарды, дрондорду жана GPS-системаларын колдонуу;
- тоолуу аймактарда жашаган жергиликтүү жамааттарды уникалдуу жаратылыш мурасын сактоого жана браконьерликке каршы күрөшүүгө үндөө.
Белгиленгендей, мындай иш-чара Борбор Азия өлкөлөрү тарабынан кол коюлган расмий билдирүү Глобалдык экологиялык фонддун кийинки жыйынынын программасынын алкагында чөлкөмгө жаңы экологиялык инвестициялардын келишине жол ачат. Бул каражаттар биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана климаттын өзгөрүүсүнө каршы тоо экосистемаларынын туруктуулугун жогорулатууга жумшалмакчы.