Азык-түлүк наркы: Көзөмөл жана бааларга таасир эткен факторлор

Экономика Загрузка... 30 Март 2026 18:55
5a4fdce9d2830.2e16d.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызстанда социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн баасы мамлекеттик көзөмөлдө болуп, коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн бойдон сакталууда. Айрым товарларда өсүш байкалганы менен, жүргүзүлгөн мониторинг жана кабыл алынган чаралар баалардын кескин кымбаттап кетишинин алдын алууда.

Кыргызстанда социалдык жактан маанилүү азык-түлүктөрдүн баасына туруктуу мониторинг жүргүзүлүп, рыноктогу абалга жараша тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талдоо, отчеттуулук жана ЕЭК менен өз ара аракеттешүү башкармалыгынын башкы адиси Айзада Керимбаева “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда кызмат социалдык жактан маанилүү деп эсептелген 16 түрдөгү азык-түлүктүн тизмеси менен иш алып барат. Акыркы убактарда бул тизмедеги эң актуалдуу азык-түлүктөр - эт менен жумуртканын баасы болду.

“Март айынын башында өлкөдө жумуртканын баасынын өсүшү катталган. Бул жагдайга байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан талдоо жүргүзүлүп, Канаттуулар ассоциациясы, соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен бир нече жолугушуулар өткөн. Жыйынтыгында, жумуртканын кымбатташына негизги эки фактор таасир бергени аныкталган. Алар - канаттуулар фабрикаларындагы дүң баанын жогорулашы жана ортомчу ишкерлердин бааны негизсиз көтөрүшү.

Ушуга байланыштуу ассоциация жана анын мүчөлөрүнө бааларды турукташтыруу боюнча эскертүүлөр берилген. Өз кезегинде өндүрүүчүлөр баанын өсүшүн жемдин кымбатташы, эмдөө иштерине кеткен чыгымдардын көбөйүшү жана башка факторлор менен түшүндүрүшкөн.

Мониторингдин жыйынтыгында, учурда жумуртканын баасы мурдагы 13-18 сомдон 8-10 сомго чейин төмөндөгөнү байкалууда”, - деди ал.

Башкы адис ошондой эле, эт жана буудай уну рыногундагы жөнгө салуу тууралуу айтып өттү.

“Эттин баасын турукташтыруу максатында 30-январдан тарта уй жана кой этине мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Бул чара 2-майга чейин узартылган. Учурда борбор калаада жана аймактарда эттин баасына күн сайын мониторинг жүргүзүлүп, мыйзам бузуу учурларында тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Андан сырткары, кызмат акыркы беш жылдан бери Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясы менен биргеликте иш алып барып келет. Макулдашуунун негизинде ассоциация калкты биринчи сорттогу буудай уну менен туруктуу камсыздоого милдеттендирилген. Бүгүнкү күндө биринчи сорттогу ун 34–35 сомдун тегерегинде сатылууда”,-деди Керимбаева.

Башкы адис ошондой эле социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн катарына кирген жашылча-жемиштер бар экендигин белгиледи.

“Жашылчалардын баасында кескин өсүүлөр байкалган жок. Өлкө боюнча орточо баалар пияз - 19–27 сомдун тегерегинде, сабиз - 41 сом жана картошка - 45-48 сомго чейин.

Бул азыктардын баасы негизинен сезондук факторлорго жараша өзгөрүп турат жана учурда рынокто жетиштүү көлөмдө бар. Кыргызстандагы баалар коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла төмөн”,-деп белгиледи ал.

Ал эми Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев “Кабар” агенттигине билдиргендей, айрым азык-түлүктөрдүн кымбатташына негизинен сырткы жана ички факторлор таасир этүүдө. Анын ичине дүйнөдөгү геосаясий кырдаал, климаттын өзгөрүүсү, бажы маселелерине байланышкан тирешүүлөр, ошондой эле Украина менен Ирандагы абал кирет. Мындан тышкары, баалардын өсүү тенденциясы COVID-19 пандемиясынан бери уланып келүүдө.

“Өлкөнүн ички дүң өнүмү өсүп, айлык акылардын жогорулашы менен калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгү жана суроо-талап да көбөйүүдө. Мунун аркасында акыркы 2-3 жыл ичинде айрым азык-түлүк бааларынын өсүшү байкалууда. Мисалы, эттин баасы 2023-жылы орточо 585 сом болсо, учурда 800 сомго чейин жетти.

Мындан тышкары, дүйнөдө жана Кыргызстанда түшүмдүүлүктүн төмөн болушу мөмө-жемиштердин кымбатташына алып келсе, Украинадагы кырдаал күйүүчү майдын баасына таасир эткен.

Ошол эле учурда, былтыр август айынан тарта мамлекет жогоруда аталган факторлорго карата бир катар чечимдерди кабыл алды. Анын негизинде бодо малды экспорттоого убактылуу тыюу салынып, айрым азык-түлүк товарларына нөлдүк салык ставкалары киргизилди. Бул чаралар баалардын кескин өсүп кетишин алдын алууга шарт түздү. Натыйжада, жыл башынан бери инфляция олуттуу деңгээлде жогорулаган жок.

Ал эми биздеги бааларды коңшу өлкөлөр менен салыштыра турган болсок, Казакстанда азык-түлүк баасынын инфляциясы былтыр 12%га өскөн. Ал эми бизде 9%ды түзгөн. Өзбекстан менен Тажикстанда да жогорулады”,-деп белгиледи Чекирбаев.

Министрлик март айына жүргүзгөн мониторингге ылайык, Кыргызстан, Россия жана Казакстанда азык-түлүк бааларында төмөнкүдөй өзгөрүүлөр катталган:

Кыргызстан

Баасы өскөн азыктар:

  • жумуртка - 1,1%
  • сүт - 0,7%
  • уй эти - 0,2%
  • импорттук буудай уну - 0,1%
  • нан - 0,1%

Баасы төмөндөгөн азыктар:

  • сабиз - −1%
  • картошка - −0,8%
  • пияз - −0,6%
  • өсүмдүк майы - −0,6%
  • кант - −0,3%
  • кой эти - −0,2%
  • жергиликтүү бууда уну - −0,2%

Казакстан

Баасы өскөн азыктар:

  • сары май - 33,8%
  • картошка - 13,1%
  • буудай уну - 0,7%
  • кой эти - 2,9%
  • өсүмдүк майы - 2,7%
  • сүт - 2,2%
  • макарон (спагетти) - 0,3%

Россия

Баасы өскөн азыктар:

  • буудай уну - 4,7%
  • жумуртка - 2,7%
  • сабиз - 2%
  • картошка - 0,2%

Жыйынтыктап айтканда, өлкөдөгү азык-түлүк бааларынын туруктуулугу ички жана тышкы факторлорду интеграциялап көзөмөл жүргүзүү менен камсыздалууда.