Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Азия оюндарында байдарка боюнча кыргызстандык спортчулар финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ерлан Султангазиев жана Рысбек Төлөмүшов байдаркада эки кишилик 500 метр аралык боюнча финалга жолдомо алышты.
Спортчулар квалификациялык этапта ийгиликтүү чыгып, эми медалдар үчүн финалдык жарышта күч сынашат.
Белгилей кетсек, Япониянын Нагоя шаарында XX Азия оюндарынын алкагында байдарка жана каноэ боюнча мелдештер уланууда.