Бишкек, 06.04.26 /Кабар/. Күрөш боюнча Азия чемпионаты жаңы деңгээлде, заманбап аренада өтүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Кыргыз күрөш федерациясынын башкы катчысы Сейтек Толтоев билдирди.
Анын айтымында, мындай чемпионаттар кыргыз жаштарынын спортко кызыгуусуна түрткү болот.
"Акжол сыяктуу балбандарды көрүп, башка балдар мотивация алышат. Азия чемпионаты мурун деле биздин өлкөдө өтүп жүргөн. Бирок бул жолкусу жаңы деңгээлде, бардык стандарттарга жооп берген жаңы аренада өтүп жатат. Кийинки жылдары бул жерде дүйнөлүк чемпионатты өткөрсөк болот. Учурда биздин жигиттер жакшы жыйынтык көрсөтүшүүдө. Чемпионатка 28 мамлекеттен 360 спортчу келди. Жалпысынан машыктыруучуларды жана делегацияларды кошкондо 600дөн ашуун адам катышууда", — деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарындагы "Жаштык" арена спорт комплексинде грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.