Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Бишкектеги “Жаштык” арена спорт комплексинде грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жарым финалдык беттештери өтүүдө.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдашкандай, Кыргызстандын курама командасынын төрт балбаны финалга чыгуу үчүн күч сынашууда.
- Улан Муратбек уулу (55 кг чейинки салмак категориясы);
- Афтандил Таалайбеков (63 кг чейин);
- Акжол Махмудов (77 кг чейин);
- Асан Жанышов (87 кг чейин).
Ушул мүнөттөрдө балбан Афтандил Таалайбеков грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына жолдомо алды. Спортчу жарым финалда түркмөн балбаны Азатжан Ачиловду утту.