Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев Бишкекте өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.
Ал 67 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, мелдешти чейрек финал баскычынан баштады. Алгачкы беттешинде Бейшекеев кореялык спортчу менен кез келип, 5:1 эсебинде жеңишке жетти. Жарым финалда кыргыз балбаны ирандык спортчуну 9:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.
Белгилей кетсек, ушул күндөрү Бишкектеги "Жаштык" аренада спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. Мелдешке жалпысынан 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулууда.