Азия чемпионаты: Экинчи күнү чыкчу балбандардын тизмеси

Спорт Загрузка... 07 Апрель 2026 09:20
WhatsApp_Image_PagvJeY.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдештин экинчи күнү килемге грек-рим күрөшүнүн балбандары чыгып, 60, 67, 72, 82 жана 97 кг салмак чендеринде күч сынашат.

Бул күнү Кыргызстандын курама командасынын атынан төмөнкү балбандар күч сынашат:

60 кг чейин — Курманбек Жапаров;
67 кг чейин — Раззак Бейшекеев;
72 кг чейин — Амантур Исмаилов;
82 кг чейин — Ырыскелди Максатбек уулу;
97 кг чейин — Мелис Айтбеков.

Алдын ала беттештер саат 11:30да башталат.