Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Амантур Исмаилов мелдешти ийгиликтүү баштап, жарым финалга чыкты.
72 кг салмак категориясында ал индиялык балбан менен килем үстүндө беттешип, 8:0 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишти.