Азия чемпионаты: Айпери Медет кызы күмүш медаль жеңди

Спорт 9 апрель 2026 20:56
Азия чемпионаты: Айпери Медет кызы күмүш медаль жеңди

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Кыргызстандын спортчусу Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш медаль жеңди.

Балбан финалда монголиялык спортчу Даваанасан Энх-Амар менен кез келип, 4:2 эсебинде утулуп калды.

Айпери Медет кызы мелдеште 76 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты.