Азия чемпионаты: Айпери Медет кызы финалга чыкты

Спорт Загрузка... 08 Апрель 2026 17:50
1205825.6b8fb5e50412976bfc4c2d7de94cac63.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында балбан Айпери Медет кызы финалга чыкты.

76 кг салмак ченинде килемге чыккан кыргызстандык спортчу чейрек финалда кытайлык атаандашынын далысын жерге басуу менен (туше) таза утуп алды. Ал эми финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргыз балбаны тайбэйлик спортчуну 11:0 эсебинде жеңип, алтын байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 8-апрелде чемпионаттын үчүнчү күнүндө кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтүүдө.

Анда 50, 55, 59, 68 жана 76 кг салмак чениндеги балбандар күч сынашууда.