Ажылыкка сапар алгандардын алгачкы тобу Медина шаарына жетти - муфтият

Коом 21 Май 2025 12:48
499700376_1018799903715632_6821260307064366323_n.jpg
493138532_1018800320382257_5058278750171545227_n.jpg
493600335_1018800240382265_2612164238911680858_n.jpg
494144427_1018799967048959_2825052625381200641_n.jpg
494560077_1018800037048952_1364561630214620276_n.jpg
494892181_1018799937048962_3880672332332113067_n.jpg
497755052_1018800270382262_4105926951351105403_n.jpg
499247549_1018800000382289_4185683132351046126_n.jpg
499264771_1018800120382277_1742888368770663512_n.jpg
499412263_1018800157048940_7795047262208099372_n.jpg
499605884_1018800083715614_4924325862170865658_n.jpg
499776576_1018800190382270_4271672685882291399_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы

Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Бүгүн кыргызстандык болочок ажылардын алгачкы тобу ыйык Медина шаарына жетип, зыярат жайларына жакын жайгашкан мейманканаларга жайгаша баштады.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, зыяратчыларды ажылыкты уюштуруу штабынын Медина шаары боюнча жооптуу өкүлдөрү — Жоробай ажы Шергазиев жана Алмаз ажы Умарбеков тосуп алышты.

Медина шаары боюнча жооптуу өкүл Жоробай ажы Шергазиев Медина шаарында аткарылуучу ибадаттар жана зыяраттар боюнча маалымат берди.

"Ажылык — мусулман үчүн парз болгон улуу ибадат. Кыргызстандык зыяратчылардын ыйык Мединага аман-эсен келип, Мадинадагы мейманканаларга жайгашуусу — Алла Тааланын чоң ырайымы. Ар бир зыяратчы жүрөгүндө ихлас, тилегинде сабыр менен шүгүрдү көтөрүп, бул сапарды такыбаа жана ихсан менен өтөөгө умтулусу зарыл. Анткени, бир учурда миллиондогон адамдар келгендиктен ажылык машакат", — деди Жоробай ажы.