Азербайжанда интернет платформаларына катаал чектөөлөр киргизилди

Дүйнө Загрузка... 01 Июль 2026 16:11
729838338_3887505294725974_2988391814915307874_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Азербайжандын парламенти социалдык тармактарды колдонууга байланыштуу жаңы мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алды. Бул тууралуу ТАСС кабарлайт.

Маалыматка ылайык, кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, 16 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарда жеке аккаунт түзүүгө тыюу салынат. Жаңы тартип боюнча, социалдык тармактарда катталууда колдонуучунун жашын текшерүү үчүн этаптуу система киргизилет. Алгач колдонуучу өзүнүн жашын көрсөтөт, андан соң анын тактыгы техникалык жолдор менен тастыкталат. Бул талаптар кайсы платформаларга тиешелүү болору кийинчерек аныкталып, расмий жарыяланат.

Мындан тышкары, 16–18 жаштагы өспүрүмдөр үчүн аккаунт түзүүдө ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу талап кылынат. Бул макулдук банк картасынын маалыматы, электрондук почта же мобилдик номер аркылуу ырасталат.

Мыйзам ошондой эле социалдык тармактардын ээлерине да бир катар милдеттерди жүктөйт. Алар жергиликтүү салык же мамлекеттик каттоодон өтүүгө, ал эми чет өлкөлүк компаниялар өлкөдө филиал же өкүлчүлүк ачууга милдеттендирилет. Ошондой эле мамлекеттик органдар менен иш алып баруу үчүн мамлекеттик тилде иштеген байланыш борборун түзүп, суроо-талаптарга беш жумушчу күн ичинде жооп берүүгө тийиш.

Талаптар бузулган учурда платформаларга карата этаптуу санкциялар каралган. Алгач жазуу түрүндө эскертүү берилет, андан соң 100 миң жана 300 миң манат өлчөмүндө айып пул салынат. Андан кийин мамлекеттик органдар жана салык төлөөчүлөр тарабынан платформаларда жарнама жайгаштырууга тыюу салынат.

Эгерде мыйзам бузуу уланса, соттун чечими менен платформалардын интернет трафиги этап-этабы менен 20%, 50% жана 90%га чейин кыскартылышы мүмкүн.