Азамат Юсупов Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы болду

Кадрлар жана дайындоолор
Азамат Юсупов Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы болду

Бишкек, 17.04.25./Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Юсупов Азамат Маматович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, КР президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы болуп дайындалды.