Азамат Тынай тегин: Кыргызстандын ЖМКларынын деңгээли жана мүмкүнчүлүгү кыйла өстү

ШКУ Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 17:40
WhatsApp_Image_2026_MI7rhYz.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда алгач ирет Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат каражаттары жана аналитикалык борборлорунун форуму өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 26 өлкөсүнөн 250дөн ашуун өкүл катышууда.

Журналист жана медиаэксперт Азамат Тынай тегин “Кабар” агенттигине берген маегинде мындай деңгээлдеги форумдун Кыргызстанда өтүшүн өлкөнүн эл аралык аброюнун өсүшү жана акыркы жылдардагы дипломатиялык ийгиликтер менен байланыштырды.

“Биринчиден, мындай медиа тармагындагы иш-чараны мен биринчи жолу көрүп жатам. Чынын айтсам, буга чейин эң чоң кыялдарыбызда да Кыргызстанга 26 өлкөдөн 250дөн ашуун делегат келет деп элестете алчу эмеспиз. Бул Кыргызстан быйыл ШКУга төрагалык кылып жатканы менен гана эмес, дүйнөлүк коомчулуктун өлкөбүзгө болгон кызыгуусунун өсүшү жана акыркы жылдардагы дипломатиялык жетишкендиктер менен байланыштуу. Анын ичинде Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болушу да маанилүү роль ойноду”, — деди ал.

Медиаэксперт мындай эл аралык аянтчалар ата мекендик журналистиканын өнүгүшү жана кесиптик тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү экенин белгиледи.

“Бул факторлор болбогон күндө да, Кыргызстанда мындай ири медиафорумдардын өтүшү — учурдун талабы. Бул иш-чараны “Кабар” агенттиги уюштуруп жатканына да кубанычтамын. Бүгүнкү күндө кыргызстандык ЖМКлардын деңгээли жана мүмкүнчүлүгү кыйла өскөнүн көрүп жатабыз. Эгерде ушул багытта ишибизди улантып, мындай масштабдуу форумдарды өткөрүп турсак, бул кыргыз журналистикасынын мындан аркы өнүгүшүнө чоң салым кошулат”, — деди Азамат Тынай тегин.

Анын айтымында, кыргызстандык ЖМКлар бир катар багыттарда, анын ичинде иликтөөчү, экологиялык жана гендердик журналистикада олуттуу ийгиликтерге жетишти.

“Журналистиканын көптөгөн багыттарында биз башка өлкөлөрдөн да алдыга чыккан учурлар бар. Алардын бири — иликтөөчү журналистика. Кыргызстанда бул багыт өзгөчө активдүү өнүгүп жатат. Биздин журналисттер маанилүү коомдук маселелерди көтөрүп, жогорку деңгээлдеги материалдарды даярдай алышат”, — деди медиаэксперт.

Ал ошондой эле Кыргызстандагы гендердик өнүгүү багытындагы жетишкендиктерге токтолду.

“Бизде экологиялык жана гендердик журналистика да активдүү өнүгүүдө. Бул багытта Кыргызстан коңшу мамлекеттер арасында алдыңкы орундардын биринде турат. Парламенттеги аялдардын өкүлчүлүгүнүн көрсөткүчү да жогору бойдон калууда. Жакында президент гендердик теңчилик жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул маанилүү жана прогрессивдүү кадам болуп саналат. Көп жылдар бою кыргыз журналисттери актуалдуу көйгөйлөрдү көтөрүп, аларды коомдук талкууга чыгарып, мамлекет менен коомдун биргелешип чечим табуусуна көмөк көрсөтүп келишти”, — деп жыйынтыктады Азамат Тынай тегин.

Эске салсак, бүгүн Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМК жана аналитикалык борборлорунун биринчи форуму өтүүдө. Иш-чараны Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги жана Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги уюштурууда.

Форумга 26 өлкөдөн 250гө жакын өкүл, анын ичинде ири маалымат агенттиктеринин жетекчилери, ЖМК өкүлдөрү, аналитикалык борборлордун, илимий мекемелердин, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Форумдун темасы — “Жаңы доордогу ШКУ: өз ара түшүнүшүүдөн практикалык кызматташтыкка карай” деп аталат.

Катышуучулар эл аралык маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүү, медиа чөйрөнү санариптештирүү, гуманитардык байланыштарды чыңдоо жана дүйнөлүк маалымат мейкиндигиндеги заманбап чакырыктарды талкуулап жатышат.