Азамат Осмонов: Экс-министр Алымкадыр Бейшеналиев 90 күн чет өлкөдө иш сапарда болгон

Министрлер кабинети Загрузка... 21 Февраль 2025 15:24
WhatsApp Image 2025-02-21 at 12.18.05.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 90 күн чет өлкөдө иш сапарда болгон. Бул тууралуу президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов президенттин администрациясынын коллегиясынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, Алымкадыр Бейшеналиев кызматта турган кезинде жалпы 90 күндү түзгөн иш сапарында болуп, иш чаралардан 85 пайыздан ашыгы уюштуруучулук мүнөзгө ээ болгон.

“Урматтуу жаңы жетекчилер, мурдагы жетекчилер баскан жолду баспоого чакырам”,-деди ал.