Айсулуунун өлүмү. Кылмышкердин буга чейинки жазасын жеңилдеткен соттор кармалды

Укук тартиби 25 ноябрь 2025 19:55
7_Tg5YKQS.jpeg
2_lYstsBx.jpeg
5_90WKYNx.jpeg
1_6rbFS8y.jpeg
3_icX6rtv.jpeg
4_ww5CgYh.jpeg
8_2KPlgU5.jpeg
6_4Sow1gv.jpeg
Алдыга
Артка
7_Tg5YKQS.jpeg
2_lYstsBx.jpeg
5_90WKYNx.jpeg
1_6rbFS8y.jpeg
3_icX6rtv.jpeg
4_ww5CgYh.jpeg
8_2KPlgU5.jpeg
6_4Sow1gv.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon ИИМ

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Оор кылмыш жасаган жарандын жоопкерчилигин жеңилдеткен соттор жана прокурор камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин ИИМ тарабынан 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны зордуктап, мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген өзгөчө коркунучтуу кылмышкер 1984-жылы туулган К.А. кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө анын бул кылмыш менен эле чектелбестен, көптөгөн кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталган. Шектүү бир нече жаш кыз анын курмандыгы болгонун мойнуна алган. Кылмышкер алардын сөөктөрүн Бишкектин четиндеги ээн жерлерге катып жүргөн.

Иликтөө учурунда анын кылмыштуу аракеттерди 2015-жылы эле токтотулушу мүмкүн экендиги белгилүү болду. Ал жылы К.А. 21 жаштагы кызды өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн кармалып, анын күнөөсү толугу менен далилденген. Октябрь райондук соту аны 12 жылга эркинен ажыраткан.

Бирок, 2016-жылы Бишкек шаардык сотунун судьялары С.Б., Ж.М. жана К.А., ошондой эле прокурор Д.М. жана жактоочу С.Ж.нын ортомчулугунда мыйзамды бузуу менен анын жаза мөөнөтүн жеңилдетишкен.

Натыйжада, кылмышкер 3 жылдан кийин боштондукка чыгып, кандуу аракетин уланткан.

2025-жылдын күз айларында К.А. жана анын жакын туугандары жасаган оор кылмышы үчүн тийиштүү жазага тартылуудан кутулууга мүмкүндүк берген коррупциялык схеманы ачыктап, кеңири маалымат беришкен.

Топтолгон материалдардын негизинде жактоочу кармалып, камакка алынган. Эми Судьялар кеңеши жогоруда көрсөтүлгөн судьяларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу сунуштаманы колдоду.

Азыркы учурда С.Б., Ж.М., К.А. судьяларына "Коррупция" жана "Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу" беренелеринде каралган кылмыштарды жасоо боюнча айыбы угузулган. Эми прокурор Д.М.га карата "Коррупция" беренеси боюнча айыбы угузулду.

Жыйынтыгында, Биринчи май райондук соту аларды камакка алуу боюнча чечим кабыл алды.

Белгиленгендей, сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөр Айсулуунун жана башка жабырлануучулардын кайгылуу өлүмүнө түздөн-түз себеп болгон.

Тергөө иштери уланууда.