Бишкек, 24.02.26 /Кабар/. Өлкөдө аялдар спортун колдоого өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жыл жыйынтыгы боюнча коллегиясында билдирди.
Анын айтымында мамлекет спортту өнүктүрүүгө системалуу колдоо көрсөтүүдө жана каржылоонун көлөмү жыл сайын өсүүдө.
“Эгерде 2020-жылы бюджеттен 800 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн болсо, 2025-жылы дээрлик 2,6 миллиард сом бөлүндү. Бул мамлекеттин спорт тармагына болгон ишениминин жана спортчулардын алдындагы жоопкерчилигибиздин айкын далили",-деди ал.
Ошондой эле Байсалов белгилегендей, өлкөнүн 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулууда.
“Улуттук программага ылайык, биздин негизги милдетибиз - дене тарбия жана спорт менен массалык түрдө машыгууну кеңейтүү, инфраструктураны модернизациялоо, олимпиадалык резервди даярдоо жана мектептерде спорттук секцияларды ачууну камтыган массалык спортту өнүктүрүү. Аялдар спортун колдоого өзгөчө көңүл бурулат”,- деди.
Байсалов андан сырткары, Лос-Анжелес шаарында өтө турган XXXIV жайкы Олимпиада оюндарына жана XVIII жайкы Паралимпиада оюндарына даярдыктын маанилүүлүгүн дагы баса белгиледи.
“Олимпиада – бул спорттун эң жогорку чеги. Азыртадан эле кемчиликтерди дыкат талдап, спортчуларыбыздын татыктуу даярдыгын камсыз кылуу зарыл”,-деп баса белгиледи Байсалов.