8-мартта дүйнө жүзүндө Аялдардын эл аралык күнү белгиленет. Бул майрам 1975-жылы БУУнун чечими менен расмий таанылып, ошондон бери аялдардын укуктарын коргоонун символу катары саналып келет.

2025-жылдын башында Кыргызстандын калкынын саны 7,3 млн адамга жеткен. Анын 50%дан ашыгын аялдар түзөт. Өлкөдө аялдардын орточо жашы эркектерге караганда бир аз жогору: аялдар - 30 жаш, эрекектер – 28 жаш. Ошондой эле аялдар узагыраак жашайт: 2023-жылы аялдардын жашоо узактыгы 77 жаш, ал эми эркектердики – 68 жаш болгон. Бул айырмачылык эркектердин арасында өлүмдүн жогорку деңгээли аялдардыкына караганда 1,5 эсе ашат дегенди түшүндүрөт.

Жаштардын жогорку деңгээли да үй-бүлө курууга таасирин тийгизет. 2023-жылы 45 миңден ашуун аял никеге турган. Алардын 87%ы турмушка биринчи жолу чыккан. Аялдардын көпчүлүгү 20-29 жашында турмушка чыгууну каалашат, алардын жарымы (50%) 20-24 жашта болгон. Алгачкы никеге туруунун орточо курагы – 24 жаш, ал эми кайтадан никеге туруунуку – 35 жаш.

Эми балдардын төрөлүүсү тууралуу сөз кыла турган болсок, Кыргызстанда аялдар орточо эсеп менен 23-24 жаш курагында тун баласын төрөйт, ошондой эле алар орточо эсеп менен үч балалуу болушат. Төрөлүүлөрдүн жалпы санынын азаюусуна карабастан (2019-жылы 173 миңден 2023-жылы 146 миңге чейин) өлкөдө төрөлүүнүн көрсөткүч деңгээли жогорулап, калктын санынын өсүшү камсыздалууда.

Мурдагы жылы аялдардын эмгекке жарамдуу курагынын деңгээли 48%ды түзгөн, экономика тармагында иштеген аялдардын орточо курагы – 40 жаш. Аялдар көбүнесе билим берүү, саламаттык сактоо тармактарында, социалдык кызмат көрсөтүү, соода, мейманкана жана ресторан бизнесинде иштешет.

Экономикада аялдардын эмгектенишине карабастан, аялдар менен эркектердин эмгек акысынын өлчөмүндө айырма чоң. 2024-жылдагы изилдөөгө ылайык, аялдардын маянасы эркектердин айлыгынын 69%ын түзөт. Бул айырмачылык биринчи кезекте эмгектенген тармагына байланыштуу болот.

Мындан тышкары, аялдар билимдүү кадрлардын катарын толуктайт. 2023-2024-окуу жылынын башталышында мектептердеги мугалимдердин 86%ын аялдар түзгөн, ал эми колледждердин жана университеттердин студенттеринин басымдуу бөлүгү аялдар. 2023-жылы кыздар орто кесиптик билим берүүнүн студенттеринин арасында 58%га жакынын, ал эми ЖОЖдордо 53%ын түзгөн.

Үй чарбачылыгында да аялдардын ролу бар. Кыргызстанда орточо эсеп менен бир аял үй жумуштарына күнүнө 4 саат 20 мүнөт коротот, бул анын убактысынын 18%дан ашыгын түзөт. Эркектер үчүн бул көрсөткүч 5 эсе аз. Айыл жергесинде жашаган аялдар үйдөгү иштерге көп убакыт коротот (5 саат 25 мүнөт), ал эми шаардагылар 4 саатын сарптайт.
Ошону менен бирге аялдар эс алууга орточо эсеп менен жумасына 1 саат 24 мүнөтүн бөлөт.